Мас аткаминер айым президент Сооронбай Жээнбековго тууган эмес

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Facebook баракчасына Сеулдан Алматыга учуп бара жаткан каттамында аткаминер аялдын мас абалдагы ызы-чуусун жазып чыккан эле. Андан көп өтпөй эле шарапка тойгон “мас” аткаминер аялдын аты-жөнү такталып Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова болуп чыга келди. Социалдык тармактын колдонуучулардын көпчүлүгү, Каденованы КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун тууганы экендигин айтып чыгышты.

Ага карата КР президентинин маалымат кызматынын жетекчиси, Толгонай Стамалиева үн катып маалымат берди.

—Сеулдагы министрдин орун басарынын катышуусу менен болуп өткөн инцидентке байланыштуу журналисттерден көптөгөн телефон чалуулар болууда. Ошого байланыштуу ал айым “Кыргыз Республикасынын Президентинин жээни” деген маалыматты расмий төгүндөйбүз. Президенттин тапшырмасына ылайык Тышкы иштер министрлиги маалыматты тактоодо. Аныктыгы такталса, Премьер-министрге ал министрге карата тийиштүү чара көрүү тапшырмасы берилди, — деп билдирди Толгонай Стамалиева.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу