Мас айдоочуга биринчи жолу 17 500 сом айыппул салынды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 1-январда мас абалында автоунаа айдап бараткан айдоочу кармалып, жаңы жылдан тартып күчүнө кирген Административдик кодекске ылайык 17 500 сом айыппулга жыгылды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

-1-январь күнү Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери “Мерседес” үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Айдоочу милиция кызматкерлери менен сүйлөшкөндө оозунан спирттик ичимдик жыттанганына байланыштуу ооруканага жеткирилип, экспертизадан өткөн соң айдоочу мас экени аныкталган. Бул боюнча Бузуу жөнүндө кодекстин негизинде протокол түзүлүп, айдоочуга 17 500 сом айып салынды, — деди Усубакунов.

Ал айыпка жыгылган жаран айпыппулду бир айдын ичинде төлөшү керектигин, эгер бир айдан ашып кетсе күн сайын үстүнө туум кошуларын билдирди. Ошондой эле учурда майда-барат жол эрежелерин бузган айдоочуларга эскертүү гана берилип жатканын кошумчалады.

1-январдан тартып Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөр ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуларга салына турган айыппулдун өлчөмү көбөйдү.

Бул эрежелердин негизинде мас абалында машине айдагандарга 17 500 сом айыппул салынат. Ал эми 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7500 сом айыппул төлөйт.

Мастыгын аныктоо жөнүндө талапка баш ийбей койгондорго 5500 сом айып каралган. Ушундай эле сумма куткаруучу кызматтардын автоунааларына жолду бошотуп бербей койгон айдоочуларга жана айдоочунун күбөлүгү жок рулга отургандарга тиешелүү. Мотошлем жана коопсуздук курун тагынбай койгондор 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып тартат.

Буга чейин коопсуздук кемерин тагынбагандар 300 сом, мас айдоочулар 10 миң сом айып тартып келген.

Жаңы жылдан кийин эреже бузганы үчүн жарандардын айдоочулук күбөлүктөрү алынбайт, бирок протокол толтуруу тартиби күчүндө калтырылган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу