Маршрутка айдоочулары иш таштады.

Бишкек шаарында эл ташыган кичи автобустар иш таштады. Бул тууралуу «Марал» радиосуна Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Нурлан Атыканов кабарлады. Азырынча маршрутка айдоочулары эмне себептен иш таштаганы белгисиз.

Атыкановдун маалымдашынча шаардагы бардык кичи автобустар иш таштаган жок. Айрымдары иштеп жатат. Учурда маселе иликтенүүдө. «Ушул жерде чагымчыл иштер барбы жокпу иликтенип жатат. Ушак чыгарып жиберишиптир бир жерден машинелерди талкалап жатат деп. Андай факты азыр жок. Ушуну калп эле колдонушууда», — деди Атыканов. Анын кошумчалышынча учурда абалды ИИМ менен УКМК иликтеп жатат.

Маалыматтар боюнча буга чейин маршрутка айдоочулары менен камсыздоо полисин алууда маселе жаралган. Айдоочулар полистин баасын 3000 сомдон түшүрүүнү өтүнүшкөн. Бирок мэрия менен айдоочулар мунасага келип, кичи автобус ээлеринин 50 пайызы камсыздоо полисин алган.

Бишкек шаарынын 80 пайыз жашоочуларын кичи автобустар тейлейт. 41 компаниянын лицензиясы бар болсо анын 37и учурда иштеп жатат. Бүгүн маршрутка жоктугунан көчөдө жана аялдамаларда кичи автобустарды күткөн элдин саны көп.

БУЛАК: МАРАЛFM

Аргумент.kg
Жооп калтыруу