Марс Сариев “Форумдан” чыккан буйрутманы аткарып жатабы?

Саясий серепчи Марс Сариев “Вечерний Бишкек” басылмасында “Алмаз Атамбаев саясый пландан алганда азыр артында колдогон күчтөрү жок, сенек болуп катып калган фигура. Анын саясый салмагы жокко эсе, ал толук саясый банкрот болду” дептир. Ага толугу менен кошулабыз, ал туура. Бирок, ал саясый банкрот болду деп эле Атамбаевде катылып турган өлкөнүн келечегине, элдин биримдигине байланышкан потенциалдуу коркунучту эске албай, көңүлдөн чыгарып койгонго болбойт. Акыркы он жылдан ашык мезгилде Кыргызстандын ички саясатындагы негизги кыймылдаткыч күч акча болуп келди, ал эч кимге жашыруун эмес. Курманбек Бакиев да, Алмаз Атамбаев да акчалары көптүгүнөн улам гана президент болушкан, булар чечендиктери, харизмалык же стратегдик сапаттары, уюштуруучулук жөндөмдүүлүктөрү жагынан айырмаланышкан эмес.

Акчасы болсо, азыр торпок деле Жогорку Кеңешке депутат боло алат. Ал эми Атамбаевде, өзү кээде “кудай мага акчаны көп бериптир” деп айтып жүргөндөй, акча аябагандай көп. Алты жылдык президенттик мезгилде анын короосуна ар жактардан “жашылбайлар” мөндүрдөй эле жаап турду. Жакшылап акча берсе, бизде тилекке каршы, үчүнчү эмес, төртүнчү революцияны жасоого даярлар да ашыгы менен табылат. Бул өңүттөн алганда айрым серепчилердин АШАга тиешеси бар ЖМКлар аркылуу адегенде АШАны сындамыш болуп, анан андагы потенциалдуу коркунучтуу жокко чыгарууга аракеттенип жатышкандары атайылап коомчулукту адаштырып, тынчтандыруу максатында “Форумдан” чыгарылган буйрутмалардан эмеспи деген шектенүүлөрдү жаратпай койбойт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу