Марс Сариев: «Депутаттар канча чамынса да, Атамбаевге кылмыш ишин ачтыра албайт»

Саясий эксперт, Марс Сариев менен Атамбаевдин Орусияга барышы, кандай маселелерди чечкенге үлгүргөнү жана Путин мурунку жана азыркы бийликти конценцускка келтиргени боюнча  баарлаштык.

-Марс агай, Алмазбек Атамбаевди Путин менен жолукканы  түрдүү божомолго жем таштады. Путиндин Атамбаевди кабыл алганы ага болгон урмат-сыйыбы же Орусиянын азыркы бийликке болгон ишениминин төмөндөгөнүбү? 

-Орусиянын Кыргызстандын президентине болгон ишеними төмөндөгөн үчүн Атамбаевди кабыл алды деп айтпас  элем.

Анткени, мындай жагдайлар менен Кыргызстандын элитасы өзүнүн алсыздыгын эбак эле көрсөтүп койгон. Акаевдин, Бакиевдин убагынан бери  Москваны арбитр кылып алышкан. Ошон үчүн  Жээнбеков Швейцарияга барганда дагы эми эмне болуп кетет, дагы кандай окуя орун алар экен деп Москвадан чочулады.

Анткени, европа европанын артында Америка турат. Жээнбековдун Москвадан кооптонгонунун да жөнү бар. Анткени, Орусиянын Орто Азияга таасири чоң. Ошон үчүн Бишкекке учканга чейин 6 саат бою  Путин менен сүйлөшүп,  Атамбаевди компромисске чакыруу маселесин чечишти. Себеби, Атамбаев эч кимди укпай өзүнчө эле талаа командири болуп алды. Аны эпке келтирип, ыкка көндүрүп берүүнү  Путинден суранды. Анткени, Атамбаев Путинден башка эч кимди укпасына көзү жетти. Ошон үчүн 6 саат Путин менен сүйлөштү. Атамбаев Путинге жолуккан визити мына ушундай сценарий менен ишке ашты.

-Бул жерден ким утуп, ким утулду?

-Атамбаев  кылмыш ишин ачтырбай,  камалбай партиясы эркин шайлоого катыша турган абалды камсыздап алды.

Бирок, Атамбаев  Путиндин  саясатка катуу аралашпайсың, бийликти сындабайсың мамлекетте  дестабилизация кылбайсын деген шартына көндү.

Анткени, Путин “Жээнбеков менен ишке ашыра турган чоң долбоорлор бар. Ошону аткарып, аягына чыгыш  керек” деген талап коюп, Атамбаевди  көндүрдү. Ошон үчүн Атамбаев учуп келер менен баштагыдай жалындуу сүйлөбөй калды.

Башкача айтканда, эми ал 2020-жылдагы шайлоого катышуу аракетин көрүп,  партиясына жаштарды алып келип, КСДПны оппозициялык маанайдагы партия кылууга аракеттене баштайт.

-Ошондо суракка да чакырылбай калабы?

-Суракка барса да, кылмыш иши ачылбайт. Анткени, суракка күбө катары эле суралат.

-Путин менен Атамбаевдин ортосунда байланыш күчтүүбү?

-Атамбаев Россия тууралуу  дагы көп маалыматты билет. Ошон үчүн Атамбаевди  кыйын мезгилде  жөн эле таштап коё алышпайт. Керек жерден колдоо көрсөтүп, керек жерден аны күчтөндүрүп турушат.

Башкача айтканда, Атамбаевдин азыркы бийликке оппозиция болгону алар үчүн да маанилүү. Кааласа Атамбаевди күчтөндүрүп, кааласа алсыздандырып турушат.

-Ошондо парламенттик комиссиянын аракети кан буугандай токтоп, Атамбаевди камоо максатына жетпей калабы?

-Депутаттар канча чамынса да, Атамбаевге кылмыш ишин ачтыра  албайт.

Анткени, Атамбаев Жээнбеков менен компромисске барганга макулдук берип, алардын шартына көнүп, өз маселесин чечип алды. Ал тугай Кремил да Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратпоо маселесин көтөрдү.

Ошон үчүн Конституциялык палатанын чечимин күзгө эмес, декабрга калтырып койду. Эгер Конституциялык палата мыйзам артка иштегенге жол бербейт деген чечим кабыл алса, Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратпаса парламент тарашы керек болмок. Башкача айтканда, парламент банкрот болмок. Азыркы бийликке парламентти таратуу зарылчылыгы жок болгон үчүн Конституциялык палатанын чечими декбарда чыгат деп жылдырып коюшту. Башкача айтканда, парламенттин тагдырын эмки жылга жылдырды. Бирок, күздө министрлер кабинетинде өзгөрүү болот. Премьер-министр кетет.

-Путинди ортого салып, Атамбаевди жоошутканы үчүн мындан ары Жээнбековдун кадыры өсөбү же баркы төмөндөйбү?

-Жээнбековдун кадыры кетип, баркы төмөндөбөйт. Анткени, Жээнбековду Атамбаев өзү бийликке алып келген.  Путин дагы өзүң бийликке алып келип, өзүң каршы чыгып  жатасыңбы деген мисалдар менен аны компромисске келтирсе керек. Эми Атамбаев курч оппозиция эмес, конструктивдүү оппозиция болот. Баштагыдай эмес,  башка нукта иш алып бара баштайт.
Жээнбеков да эки жылдын  ичинде Атамбаев менен алышып, убакытты уттуруп жибергенин, ошон үчүн экономикалык жактан да, башка жагынан да жылыш болбогонун түшүндү окшойт. Эми  Жээнбеков катуу реформага киришпесе, абалы мындан да начарлайт.

-Путин кимисин көбүрөөк колдоп жатат?

-Путин ачык эле Сооронбай Жээнбековду колдоп жатат. Бирок, Атамбаев оппозиция болуп турган фактору дагы аларга майдай эле жагып жатат. Себеби, Жээнбековду канчалык колдосо дагы, Атамбаевди күчөтүп же төмөндөтүп турушат. Азыр Путиндин шартына көнгөнү үчүн көп сөздү өзү эмес, карамушкина тууралуу айттырып жатапт. Бирок, атамбаев канча аракет кылса да ресурсун жоготуп жатат. Ошон үчүн керек жерден өз оюнун күчөтө берет.

-Прокуратура жазуу түрүндө берген көрсөтмөсү жараксыз болот деп Атамбаевди көрсөтмө берүүгө чакырып жатканы неден кабар берет?

-Эми прокуратура дагы тергөөгө келиши керек деп бийликтин күчтүүлүгүн көрсөтүп жатат. Үч жолу чакыруу берип, эч нерсе кыла албай койду дегизбей жок дегенде суракка келе турган кыла деп жатышса керек. Кыскасы, экөө тең кремилдин айтканын аткарат. Атамбаевди камап, түрмөгө отургуза албайт. Ошондой эле Атамбаев менен иштегендерди да коё бере албайт.

-Путин Жээнбеков менен Атамбаевдин мамилесин жөнгө салды. Компромисске чакырды дегенибиз менен Карамушкина президент Матраимовдун декларациясын сот, прокурорлорго текшерүүгө тапшырма бербесе жана анын туугандарын кызматтан албаса, Жээнбеков менен Атамбаев элдешпейт деп айта баштады го. Матраимов Атамбаевдин элдешкис душманыбы?

-Негизи Матраимовдун атын бекер аташкан  жок. Анткени, бул жерде саясат жана саясий заказ бар. Ошон үчүн Карамушкина декларациясын текшериш керек деп маселе көтөрүп жатат.

Текшерген күндө деле Матраимовдордун ишинен кынтык таппай жатпайбы. Анткени, Матраимовдордун кланы бизнести 1990-жылдары эле баштаган. Ал бажыда иштеп турган мезгилинде Кара-Суу базары аркылуу Өзбекстан менен Кашкарлык 1000 деген майда ишкерлерге соода сатык коридорун ачып берип, жардам берген. Майда бизнестер менен байыган үчүн жарым жыл текшерсе дагы андан кынтык таппай жатышат.

Бирок, ага болбой Атамбаевчилер аны каматып, саясаттан четтетип, бизнестерин жаптыруунун айласын издеп жатышат. Ошон үчүн Карамушкинанын оозу менен айттырып, Жээнбеков Атамбаев маселесине да Матраимовду кыпчып жатышат. Бирок, Жээнбеков алардын тилине кирип, Матраимовду  саясаттан четтетип, бизнесин жаап, түрмөгө отургузса, Жээнбеков утулат. Анткени, парламенттик шайлоо алдында түштүктөгү  калкынын саны 3 районго тең келген Кара-Суу районундагы жашаган элден айрылат. Бийликтин партиясы утулуп, башка партиялар реванш алат.

Анткени, Матраимовдор кланы Кара-Суу районун колго алып койгон. Аларга чабуул башталса, эл өз оюн айтат. Бийликтин партиясын колдобой коёт. Матраимовдордо мына ушундай мүмкүнчүлүк болгон үчүн аларга асылып, каралоо аракети күч алып жатат.

-Жарым жылга чукул текшерүүдөн кийин Матраимов жана анын жакындарына тийиштүү мүлктөн 24 миллион 275 миң сом салык катары өндүрүлгөнүн финполиция  жарыялады. Фин полиция  бул жыйынтыгы менен Матраимовдордо маселе бар экенин ачыктадыбы же бул жерде андан башка да маселелр бар экенин кыйыттыбы?

-Матраимовдордун элдин көңүлүн бурган маселеси боюнча фин полиция өз жыйынтыгын чыгарып, салык төлөбөгөнүн ачыкка чыгарды.  Менин тегерек үстөлдө айтканым туура чыкты.

Матраимовдор маселеси чоң саясат үчүн эле көтөрүлдү. Жогоруда айткандай  Кара — Суу району президенттик, парламенттик шайлоодо маселе чече турган калкынын саны көп  райондордон. Матраимовдордун кланы эбактан бери эле бизнес кылган, капчыгы калың, элин колуна алып койгон таасирдүү кландардан. Шайлоо жакындап калганына байланыштуу Атамбаев Жээнбековду санаалаштарынан ажыратыш үчүн ушул маселени көтөрдү.

Бирок, элди уу-дуу кылган “Азаттык” жарыялаган иликтөөдө көрсөтүлгөн каражат далилденбей жатат.

Тескерисинче, Элнура Алканованын иликтөөсүндө жасалма кол коюлар  орун алганы ачыкка чыкты.

Азаттыктын иликтөөсү далилденбей калды. Али Токтакунов баштагыдай дебатка чыкпай калды. Азаттык айткан сыртка чыгып кетти 700 миллион доллар Сайматиге окшогон ишкерлердин соода жүгүрткөн каражаты экени аныкталды.

-Матраимов салыкты жашырган үчүн да жоопко тартылышы керек деген маселе чыга баштады го?

-Матраимовдорго таандык фирмалар салык төлөбөгөнүн  финполиция таап чыкты. Бирок, Матраимовдор финполиция  тапкан салыкты бир заматта жаап коюп, кылмыштын курамы жок болуп калганын, эске албай салыкты жашырган үчүн жазалансын деп жатышат.

Чынында алар салыкты ошол замат жабышты да. Жаппайбыз десе, ана-мына деп чоюшса кылмыш иш козголмок да. Салыкты жаба салышканы үчүн Матраимовду алсыратканга күчтөрү да жетпей, аны жазалаганга факты дагы таппай, кылмыш ишин ачканга  юридикалык себеп жок болуп жатат. Азыр канча текшерип касса дагы финпол эч нерсе таппайт. Дагы каза берип бирок эч нерсе таппаса  Али Токтакуновдун 700 миллионундай болуп, уят болот.

Чынайым Кутманалиева

Аргумент.kg
Жооп калтыруу