Марс Бөдөшев: Бурулай менен отурганым эсимде, калганын билбейм (видео)

Бурулайдын иши боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан отурумда Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча айыпталып жаткан Марс Бөдөшев сурак берүүдө. Ал сурак учурунда Бурулай Турдаалы кызы менен сүйлөшүп жүргөнүн айтып, ошол күндү мындайча эскерди:

— Бизди Сосновкадагы посттон РОВДга алып келди. Башында баарыбызды бир бөлмөгө киргизишти. Анан кайра экөөбүздү сыртка чыгарды. Мен Бурулайга кирип, сүйлөшүп чыгайын деп сурансам эч ким уруксат берген жок. Эшик ачык туруптур, кирдим. Ошол убакта бирөө сөгүнүп өтүп кеткен. Көзүмдү ачсам ооруканада экенмин.

Марс Бөдөшев адвокаттын суроолоруна жооп берип жатып, анын жанында бычак болбогонун, анын кайдан пайда болгонун билбей турганын айтты.

Соттон түз эфир:

https://youtube.com/watch?v=1z7CYv3MFxw

Ушу кезге чейин бир нече отурум болуп, чакырылган 32 күбөнүн 20га жакыны суралып бүттү. Сотто 22-ноябрда милиция кызматкерлери сурак берген. Отурум сентябрда башталган.

Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Шектүү катары кармалган Марс Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Киши өлтүрүү») менен иш козголгон. Кийинчерээк Бөдөшевдин досу Акмат Сейитов да кармалган.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу