Маркум күйөөм банк аркылуу салган акчаны кайнагамдан кантип өндүрөм?

Жашоодо биз көп нерсени көңүлгө албай жүрө бергенибиз менен кийин баш чайкап өкүнүп калган учурлар болот экен. Мен азыр ошондой абалда турам. Анда кеп башынан болсун. Мен Орусияда иштечүмүн, жолдошум экөөбүз ошол жактан табышып, мындан төрт жыл мурун баш кошконбуз. Ал биринчи никеси менен көп жылдан бери чогуу жашабай калганы менен мыйзам чегинде ажырашпаган экен. Ошого байланыштуу экөөбүз мусулманча эле нике кыйдырып жашап калдык. Биз абдан бактылуу жашадык. Төрөгөнүмдө нике күбөлүгү керек болуп, бизде ал жок болгондуктан баламды менин фамилияма жаздырып койдук. Кийин убакыт болгондо шашпай Кыргызстанга келип, документтердин баарын тууралайбыз деп жашообузду уланта бердик. Күйөөм экөөбүздүн оюбуздун баары эптеп акча чогултуп, Бишкекке келип чакан болсо да үй сатып алуу болчу. Ошондуктан баламды бир жашка чыгарып эле апама апкелип берип, өзүбүз жан үрөп иштедик. Тапкан акчабыздан балабыздын тамак-ашына деп жөнөтөбүз да, тамактын жакшысын жебей, кийимдин жакшысын кийбей калганын бир сомдоп чогултабыз. Бир жолу күйөөм: “Байкем тапкан акчаңарды мага салгыла, чогултуп берем деп жатат”,-деди. Ошондо эле бир нерсени сезгендей жолдошумдун бул сунушун жактырбадым. Анан кайра көңүлүн оорутуп албайын деп макул болдум. Күйөөм абдан ак көңүл, бирөөнүн бир тыйынын албаган адилет адам болчу, кайнагамды да инисиндей көрдүм. Күйөөм да агасынын ишеничтүү экенин, мал-жандуу экенин айтканда ого бетер ишеничим артты. Ошентип аз уктап, көп иштеп тапкан акчабызды ай сайын күйөөм кайнагама салып турду. Бир жылдан ашыгыраак убакытта тапкан акчабыз болжол менен 15 миң доллардай болгон. Дагы бир жыл иштеп ушунча акча чогултуп, Бишкектен 2 бөлмөлүү батир алабыз деген пландарыбыз бар болчу. Тилекке каршы ага жетпей күйөөм жол кырсыгына кабылып күтүүсүздөн каза болуп калды. Азап менен сөөктү мекенибизге алып келип, жерге берип ыйлап-сыктап отуруп калдык. Күйөөмдүн кыркылыгын өткөргөн соң кайнагама баягы акча тууралуу кеп козгоп, “жетишинче времянка болсо да алып, кайра Москвага кетпей эле коёюн” дедим. Анда кайнагам акчанын кайсы бир бөлүгун өлүк коюу зыйнатына иштеткенин, калганын азыр эмес, жарым жылдан кийин берерин айтты. Жарым жылга чейин эмне кылмак элем, анын үстунө калган акча үйгө жетпешин түшунүп кайра Москвага кеттим. Андан бери жарым жыл эмес, бир жыл өттү. Кайнагам акчаны бербей жатат. Сураган сайын ар кайсы шылтоону айтып убакытты созуп келген. Жакында күйөөмдүн жылдыгына келгенде дагы сурадым. Анда кайнагам акчаны бербестигин ачык эле айтты. “Кайсы эле акчаны айтып жатасың? Күйөөң мага көп болсо 5 миң доллар акча салган, анын баары өзү өлгөндө эле корогон”,-деди мени күйгүзүп. Менде болсо күйөөм кайнагама акча которгонун тастыктаган банктын кагаздары бар. Ал боюнча кайнагам 16500 доллар акча алыптыр. Аны көрсөтсөм моюнуна албай жатат. Эми мен маңдай терим менен иштеп тапкан акчага кантип ээ болом? Менин ишенгеним эле ошол акча болчу. Жалгыз адамдын тапканынын берекеси деле жок болот экен. Күйөөм каза болгондон бери мурункудай иштей албай калдым. Бир жылдын ичинде эч канча акча чогулта албадым. Эмне кылсам? Кеңеш бериңиздерчи…

БУЛАК: Леди.кg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу