Маркум аял жерге берилген соң 10 күндөн кийин көз жарды.

Жергиликтүү Times Live гезитинин маалыматына караганда, Түштүк Африканын Мбизана муниципалитетиндеги көрүстөндө иштеген кызматкерлер көз жумганына 10 күн болгон маркум аялдын табытында жарык дүйнөгө келген ымыркайды табышкан. Ал жерде 10 күн мурун жерге берилген 33 жаштагы Номвелисо Номасонто Мдойи аттуу маркул аялдын сөөгү жаткан.

Көрүстөндүн кызматкери: “Биз таң калганыбыздан ымыркайдын кыз же уул экениндигине да маани бербептирбиз. 20 жылдан ашуун убакыт иштеп, мындай окуяга күбө бологон экем.”

Маркумдун туугандарынын айтымында, Мдойи тогуз айлык боюнда болгон учурда өз үйүндө киши колдуу болуп каза болгон. Окуядан кийин аялдын сөөгүн баласы менен жерге беришкен.

Адистердин айтымында, аял көз жумган соң анын булчуңдары бошой түшүп, жыйынтыгында түйүлдүк эненин жатынынан чыгып кетиши ыктымал.

Булак: «oshpirim.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу