Маркум атамдын карызын төлөбөй койсом болобу?

Саламатсызбы! Атам Россиянын жараны, чоң суммада насыя алган. Убагында төлөп жүрүп, кийин каза болуп калды. Канча калганын билбейм, бирок молдого «карызын мен төлөйм»,-деп айткам. Бир жыл өттү, насыя ошол бойдон турат. Учурда төлөй турган абалда эмесмин. Колума акча тийгенде, насыянын суммасындай садака кылып койсом болобу?

Кадыр Маликов, теолог

Саламатсызбы! Атаңыз насыяны банктан алганбы же бир адамданбы? Эгерде белгилүү кишиден алган болсо, ага барып, карызды кечүүнү же төлөө мөөнөтүн узартууну суранып көрүңүз. Макул болсо жакшы, болбосо төлөп берүүгө милдеттүүсүз.

Атаңыз алган банктын сиз менен келишими барбы? Бар болсо, насыя төлөбөй жүргөнүңүз үчүн санкциялар (мүлктү алуу) болушу мүмкүн. Келишим жок болсо, кийин акчаңыз болгондо, карыздын суммасын сөзсүз садака кылып коюшуңуз керек.

Нурислам Раимжанов, юрист

Урматтуу окурман, сурооңузда тактай турган бир канча учурлар бар экен.

Биринчиден, атаңыз, чоң суммада насыя алып жатканда мүлкүн күрөөгө койгонбу? Койгон болсо, төлөнбөгөн насыя үчүн банк аны алат.

Экинчиден, күрөөгө мүлк коюлбаса, ал эми сиз атаңыздан калган мүлккө мурсакор болуп дайындалсаңыз, КРнын мыйзамдарына ылайык, насыяны төлөө милдети сизге жүктөлөт. Эгер мураскор болуп табылбасаңыз, насыя төлөөдөн бошотуласыз.

Айта кетчү нерсе, атаңыз насыяны Россиядан алганбы же Кыргызтанданбы? Себеби Россиянын мыйзамдары башка. Сурооңузду кайрадан кененирээк кылып жазып жиберсеңиз жакшы болот.

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу