Маркумдун бир тууган эжеси Дамира Жапарова: «ИНИМДИН БАШ СӨӨГҮН 5-6 ЖЕРИНЕН СЫНДЫРЫП МЫКААЧЫЛЫК МЕНЕН ӨЛТҮРҮШҮПТҮР»

Үстүбүздөгү жылдын 24-февралында Ош шаарындагы май куюучу жайлардын бирин жетектеп келген Абдраим Жапаров аттуу 34 жаштагы жаран киши колдуу болуп каза болду. Бул кылмыш ишине шектүү катары маркумдун 27 жаштагы кесиптеши Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кара-Тарык айылында 1990-жылы туулган Ж. К. аттуу жаран кармалды. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Окуянын чоо-жайы тууралуу маркумдун бир тууган эжеси Дамира Жапарова айтып берди.

 

«Иним дин жолунда жүрүп, бактылуу өмүр кечирчү»

– Мен төрт бир тууганмын. Каза болгон иним кенжебиз эле. Иним Абдраим Жапаров 1983-жылы Ала-Бука районундагы Ажек айылында туулган. Бул каргашалуу окуя болбогондо, июль айында 34 жашка чыкмак. Иним беш убак намаз окуп дин жолунда жүрүп, бактылуу өмүр кечирген адам эле. ОшМУнун филология факультетинин орус тили жана адабияты адистиги боюнча билим алган. Окуудагы мыкты жетишкендиктери үчүн ага өзү окуган факультетке мугалим болуп ишке орношуу сунушу түшүп иштеп жүрдү. Бирок маянанын аздыгынан улам ал жумушунан чыгып, ишкерлик менен алектене баштаган. Иним студент кезинде «Ош Ойл» фирмасынын май куюучу жайларында оператор болуп иштечү. Кийинчерээк ушул тармак боюнча ишин улантып «МПА» фирмасынын Оштогу май куюучу жайларынын бирин жетектеп жаткан болчу. Өзү жактырган Айгүл аттуу кызга үйлөнүп, 3 перзенттүү болушкан. 6 жаштагы Абдулла, 4 жаштагы Усман жана 1,5 жаштагы Фатима аттуу кызы менен Ош шаарындагы Анар кичи районунда батирде жашашчу. Балдары эми өмүр бою ата мээриминен ажырап, зар какшап калышты.

 

«Мечитке намаз окуганы чыкканда подъезддин алдынан өлтүрүп кетишиптир»

– Эми ошол чырактай адамыбызды жоготуп сай-сөөгүбүз сыздап турабыз. Эстегим келбесе да 24-февраль күнү болгон каргашалуу окуяны акыйкаттык үчүн айтып берейин. Ал түнү иним түнкү тахажуд намазын окуп, андан кийин аялы менен сүйлөшүп отуруп, багымдат намазын окуганы мечитке жөнөптүр. Колунда теспеси менен телефондон башка эч нерсе болбоптур. Бул эртең мененки саат 6:45тер экен. Жолдошу чыгып кеткенден кийин келинибиз «жардамга» деген кыйкырыкты укканы менен коркуп сыртка чыга албай койгон экен. Анан өкүл баласына телефон чалып чакырыптыр. Ал бала тез жардам кызматына чалып ызы-чуу түшүп калышат, бирок иним тез жардам келгенге чейин эле подъезддин алдында жан берген экен. Ал эми өлтүргөн адам изин жашырып качып кеткен. Буга чейин иним акыркы кезде артынан бирөөлөр аңдып жүргөнүн жакын досторуна, инилерине айтыптыр. Ал турсун, бир курдай жумуштан кечинде келе жатса өзү жашаган үйдүн подъездинен белгисиз бирөөлөр кол салууга аракет кылыптыр. Ошондой эле атам менен апам инимдин үйүндө жүргөн кезде батирдин подъездиндеги чыракты кимдир бирөөлөр эки жумадай күн сайын сындырып кете беришиптир. Иним күн сайын алмаштырып жатканын аялына айткан экен. Мыкаачылар инимди жок кылууну алдын ала ойлонуштуруп, аракет кылып жүрүп акыры жаман ойлоруна жетишти. Подъезддин чырагы, ал гана эмес, көп кабаттуу үйдүн чатырындагы прожектор да ошол күнү белгисиз бирөөлөр тарабынан сындырылып жарык болгон эмес экен.

«Шектүү деп кармалган бала инимдин оң колу болчу экен»

– Окуядан кийин шектүү катары 27 жаштагы Калык аттуу өзгөндүк жигит кармалды. Ал инимдин колунда эки жылдан бери иштеп жүрүптүр. Кошуна үйдө жашачу экен. Иним ал балага материалдык жактан жардам берип, колдоо көрсөтүп, жумушта да, үйдө да оң колу кылып келген экен. Деги эле иним экөө жакшы мамиледе болушуптур. Эми угушубузга караганда, ал бала жумушта документтерди башкача толтуруп, кассадагы акчага кол сала баштаганы билинип калыптыр. Анан иним аны ушул жылдын январында жумуштан кетирген экен. Шектүү берген көрсөтмөсүндө: «Коркутуп коёюн деп эле баргам, анан өлтүрүп алдым жана «30 миң сом акчаны 70 миң сом кылып кайтарып бересиң» деген», — деп айтыптыр. Иним динде пайыз алуу арам экенин билчү, антмек эмес. Анан да жөн эле коркутууга барган адамдын колунда арматура, бычак кайдан болсун. Жумуштун айынан кандай пикир келишпестик болгон күндө да шектүүлөр «жигитчилик кылып» чечип алса болот эле го. Айтор, инимдин өлүмүнө шектүү баланын айткандарына такыр ишене албай турабыз. Негизи иним жумушундагы майда-чүйдө маселелер тууралуу көп айтчу да, даттанчу да эмес. Ошондуктан инимдин өлүмүнө шектүү айткан акча эле себеп болгонбу же башка да себептери барбы, бизге белгисиз болуп жатат. Деги эле иним ак көңүлдүгү, боорукерлиги менен каралашып жүргөн баланын колунан мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү жанды сыздатат.

«Кылмышкер жазасын алышын талап кылабыз»

– Биздин талабыбыз — чыныгы кылмышкер кармалып, өмүр бою абакка кесилсин. Анткени колунда эч кандай куралы жок, эч нерседен бейкапар үйүнөн мечитке чыгып бараткан адамды өтө мыкаачылык менен өлтүрүү — «адам» деген атка татыксыздардын иши. Шектүүнүн жакындары кечирим сурагандын ордуна биз кан жутуп отурсак, маалымат жыйын өткөрүп баласы ак экендигип айтып актанып жатышат. Абдраимдин астыңкы жана үстүңкү тиштеринен бир гана тиши калып, башка тиштеринин баары сынып түшүп калыптыр. Баш сөөгү беш-алты жеринен сынып, жанчылыптыр. Анткени арматура менен урушкан экен жана мойну кескиленген, денесинин үч-төрт жерине бычак сайылган. Келинибиз ошол күнү катуу коркуп калган экен, дагы деле эсине келе албай эс-мас болуп жүрөт. Бейкүнөө үч баласы жетим калды. Эмне болгон күндө да мончоктой жапжаш инибизди жоготуп, уялаш тууганыбыздан айрылып кан жутуп отурабыз. Байкуш иним жардамга муктаж жарандарга, майыптарга кайдыгер карабаган боорукер жан эле. Өзүбүз туулуп-өскөн Ажек айылындагы көзү азиз жаранга үй куруп берген. Мындан башка да жетим-жесирлерге көп жардам кылчу. Эми айласыздан акыркы үмүтүбүз укук коргоо кызматкерлеринде болуп калды. Алар кылмыш ишин тыкыр иликтеп, чындыкты таап, айыптууларды жазага тартуулары керек. Эгерде ал баланын чындап күнөөсү жок болсо, чыныгы кылмышкер кармалып, жазасын алышын талап кылабыз.

Булак: lady.kg

Зульфия Тургунова

Аргумент.kg
Жооп калтыруу