Марат Кенжесариевдин иши эми сотко өтөт

Белгилүү болгондой өткөн жылы Коргоо комитетинин башчысы, анын айдоочусу Чек ара кызматынын сарайында сакталган куралдарды сатуу иши менен кармалып, бул маалымат коомчулукта кызуу талкууга алынган болчу. Андан бери бир топ айлар өттү. Бирок тергөө узак созулуп, иш сотко эмгиче өтө элек болчу. Аскер прокуратурасы ЖК комитетинин жыйынында иш жакында сотко өтөөрүн билдирди. Мындай чулгандуу иштерди неге мынча көпкө кармашат? Же аскер тармагынын экс –чиновниги Марат Кенжесариев ортого киши салып, ишти жабууга жакшы аракет көрүп жатабы?

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу