Марат Иманкулов, Коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары: “Сегизбаевди кылган ишинен жыйынтык чыгара албаган дилетант”

— Марат мырза, 2016-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ал кездеги жетекчиси Абдил Сегизбаев депутаттар Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянованы Белиз мамлекетиндеги офшордук компанияга 50 миллион долларды чыгарууга аракет кылышкан деп катуу күнөөлөп, коомчулуктун бүйүрүн кызытканы эсибизде. Улуттук коопсуздук комитетинин бүгүнкү жетекчилиги Белизден үч депутатка байланыштуу расмий документ келбегенин ырастоодо. Деги бул фактыларды кандай кабылдап, кандай бааласак болот?

— “Ата Мекен” фракциясынын парламенттеги жыйынында УКМКнын өкүлү “Белизден расмий кат келген эмес, катталган да эмес” деди. Сегизбаев болсо “Азаттыкка” берген маегинде “ыкчам маалыматтарга таянгам” деп жатат. Биз, эксперттер, ушул окуя чыкканда эле “кезектеги чагым” деп айтып чыкканбыз. Текебаевге байланыштуу биринчи чоң чагым 2006-жылы “Матрешкагейт” деген ат менен болгон. Кийин аныгын билинип турса да уюштургандар жазасыз калышкан. “Белизгейт” ошондой эле максатта уюштурулган экинчи чоң чагым болду. Кыргызда “кыңыр иш кырк жылда” деген кеп бар. Кырк эмес, бир жылдан кийин эле ашкере болуп калды. Мен Сегизбаевди “кылган ишинен жыйынтык чыгара албаган дилетант” деп сындап келатам, бул окуя ошонун натыйжасы болду. Ал Улуттук коопсуздук кызматын, бүтүндөй мамлекетти уят кылууда. Сегизбаев комитетти эки жарым жыл башкарса да ички нормативдик документтер кандай болорун билбегенин көргөздү. Оперативдүү-ыкчам маалыматты далилдегенге чейин коомчулукка чыгарбай турууну билбейт экен.

— Мүмкүн атайын максат менен жарыялашты?

— Макул, жарыялашты, аягы эмне болду? Мамлекет, президент, Жогорку Кеңеш, комитеттин өзү – баары шерменде болушту. Ыкчам маалымат кылмыштын белгилерин табыш үчүн гана пайдаланылат. Аны кылмыш иштеринин папкесине, соттук иштерге тиркей албайсың. Тиркеш үчүн аны легалдаштырыш керек, легалдаштырыш үчүн ачык-айрым фактылар менен далилдеш керек. Ошондо гана коомчулукка алып чыкса болмок. Эгер бул иш боюнча соттошуп кала турган болсо “ыкчам маалыматты далилдегенге чейин ачыкка чыгарып жибергени үчүн” деген жоопкерчилик каралат.

— Сегизбаев “эгер биз андай чара көрбөгөндө азыр кырдаал башкача болмок” деп жатат, аны сиз кандай түшүндүңүз?

— Сегизбаевдин бул билдирүүсү — коомчулукту кезектеги коркутуп-үркүтүү. Эч нерсе болмок эмес. «Өздөрү чагым салып, тополоң уюштурмак беле?» деген суроо туулат. Мен Сегизбаевдин жообунан “кичинекейин эле жасагам, андан да чоңун жасамакмын” дегенди түшүнүп жатам. Аягында өзү эле эмес, бийликтин баарын шерменде кылды. Эл арасында “булар чагымдын артынан чагым уюштура берет турбайбы” деп комитетке болгон ишеним жоголуп жатпайбы. «Жөнөкөй адамды каалагандай жазалай берет турбайбы» деген пикир калыптанууда.

Булак: «Азаттык» үналгысы

Аргумент.kg
Жооп калтыруу