Марат Жанталиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «40 жылдык эмгегим эми бааланды»

 Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө башчынын чыгарган жарлыгына ылайык актёр Марат Жанталиев жана бир нече маданият өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды. Сыйлыгын майлап майрамдап жүргөн актёр менен маек куруп биз да куттуктадык.

— Сыйлыгыңыз кут болсун, агай, майрамдап баштаган окшойсуз?

— Рахмат, ооба, майрамдап баштадык. Куттуктоолорго маарып, кол телефонумдун жаны тынбай жатат. Менин жакшылыгыма сүйүнүп кубангандарга, куттуктагандарга рахмат. Силерге да чоң рахмат. 30-август күнү эрте менен ырчы Айбек Карымов чалып сыйлык алганымды сүйүнчүлөдү. Биринчи айтканда ишенип-ишене албай көпкө мукактанып турдум, анан ишендим. Чынын айтсам, сыйлык аларымды күткөн эмесмин. Себеби 20 жылдан бери эле документтеримди тапшырып келем, жыйынтык болбой жаткан. Күтө берип көнүп деле калдым окшойт эле.Эми минтип чыгармачылыкта жүргөн 40 жылдык эмгегим бааланып жатканына сүйүнүп турам.

— Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деген наам артисттерге кандай артыкчылыктарды берет?

— Кулакка угумдуу (күлүп). Мындан 5 жыл мурун Эмгек сиңирген артисттер айлыкты көбүрөөк алып, пенсияга чыкканда да кошулчу экен. Азыр андай эмес дешти. Ал жагын деле ойлонбоптурмун чынында, мен үчүн башкысы стимул. Наам чыгармачыл адамга стимул берет. Жакшы роль ойносом, ал ролум элге жакса экен дейсиң.

— Чыгармачылыкта 40 жыл жүрүп кайсы каармандарыңыз менен эл эсинде калдым деп ойлойсуз?

— Өткөндө үйдө олтуруп баш-аягы канча кинодо роль аткардым экен, эсептеп көрөйүнчү дедим эле. Эсептеп келе жатып эле адашып кеттим. Аябай көп тасмага тартылыптырмын. Алардын арасында бир күндүк кинолор да, орточосу да, жакшысы, эң жакшысы да болду. Бирок Саякбайдын ролу менин «визиттик карточкам» болуп калды окшойт. Негизи эле чыгармачылыкта Саякбайдын ролу мени аңдып жүргөндөй (күлүп). Эң биринчи Төлөмүш Океевдин «Кожожаш» тасмасында Саяк деген каармандын ролун аткаргам, кийинчерээк Мелис Убукеев өз тасмасында улуу манасчынын жаш кезин ойнотту. Мына,жакында эле Эрнест Абдыжапаровдун «Саякбайында»башкы каарманды аткардым. Көбү таң калышат, «сизге Саякбайдын ролу аян берилди беле?» деп. Мени ролго бекитүүдө бир топ талашып-тартышуулар болгон, бирок Эрнест Абдыжапаров: «Саякбайды Марат Жанталиев гана аткара алат», — деп жатып баарын көндүргөн. «Ролгобекитилдиң» дешкенде, коркконумдан калчылдап калганым эсимде. Анткени улуу манасчы, тарыхый инсандын ролун аткаруу бул сыймыктан да жогору турган чоң жоопкерчилик болчу. Ролду майын чыгара аткарууга биринчи кезекте Саякбай атабыздын арбагы жардам берди. Анткени манас айтыш үчүн бир нече барак текстти жатташ керек эле, Эрнест берген текстти бир сыйра карайм дагы, манас айтып жатканда сөздөр башыма өзүнөн-өзү келип жатты.Учурда көбү «эми башка роль аткарбай эле койчу, сага Саякбай эле жарашат экен» дешет. Албетте, Саякбайдын ролу мага жарашып калды, бирок кесибим актёр, үйдүн кожоюну болгондон кийин үй-бүлө багыш керек, иштеш керек да.

— Аталган роль үчүн 20 килограммдай толдум дедиңиз эле, бирок учурда мурунку калыбыңызга келип калыпсыз?

— Ооба,өзүмдүн салмагым 70 килограмм болчу. Саякбайдын ролун аткарам деп атайын 20 килограммдай коштум. Азыр мурунку калыбыма келдим. Семиз болгондо кыйналып кетет экенмин, эки тиземе күч келип баса албай койдум. Анчалык салмакты көтөрүп көнгөн эмесмин да. Элдер «кантип семирдиң, витамин ичтиңби?» деп сурай беришет. Жок, кадимкидей эле тамакты көп-көптөн жеп жүрүп салмак коштум.

— Кеп нугун бала курагыңызга бурсак, балалыгыңыздын издери кайсы айылда калган?

— Менин балалыгым Нарындын Кара-Кужур айылында өттү. Ата-энем экөө тең дарыгер эле. Айылдын дарыгерлерин билесиңер да, түнү деле, күнү деле чакыра беришет. Көрсө, азыркы «Тез жардам» кызматынын милдеттерин менин ата-энем аткарышчу экен ошол кезде. Үйүбүз дары жыттанып турар эле. Бала кезде эле ата-энемди көрүп «жок, мен дарыгер болбойм» дегем. Себеби кичинемден артист болууну кыялданчумун. Элдер көчөдөн мени тааныса, жаныма келип учурашса деп кыялданчумун. Кудай менин кыялдарымды аткарды, азыр элдер тааныйт, учурашат. Окууну бүтүп эле Москвадагы Бүткүл союздук кинемотографисттер институтуна тапшырам деп кетип калдым. Ошондо ата- энем ичинен « Марат окууга өтпөй калса экен» деп тиленишкен экен, бирок мен окууга өтүп кеттим. Кудайга шүгүр, актёрдук билимим бар. Мектепте деле аябай жакшы окудум, класста отличник элем. Атам Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери болсо, апам да эл сыйлаган дарыгер, андай адамдардын балдары жаман окуса жарашпай калмак.

— Небере жытын искеп, чоң ата болуп кубанып жүргөн кезиңиз экен?

— Ооба, уулумду үйлөгөм. Неберем төрөлгөнүнө 4-5 ай болуп калды. Небере аябай таттуу болот деген сөздөрдү кулак сыртынан эле кетирчүмүн. Көрсө, неберең балаңдан да жакын жан болот экен, жытына тойбой эле жүрөм. Жакында кызым да турмушка чыкканы турат. Ал эми жеңеңер менен аябай көп жыл чогуу жашап койдук. Жатакананын терезесинен секирип кыздар менен жолугуп жүрүп жубайымды тапкам.

— Театрда иштээриңизди билебиз, актёрдун айлыгына үй-бүлө бакканга болобу?

— Албетте, болбойт, айлыгымды айтсам күлөсүң. Театрдан айына 6 миң сом алам. Үй алам, унаа алам, байлык топтойм дегендер ал жакта иштебейт. Театрда мага окшогон фанаттар эле калды. Кесибимди сүйгөнүмдөн эле байланып калдым. Театрдан сырткары жарнамалык роликтерге тартылам, кинолордон сунуш түшөт. Ошону менен үй-бүлөнү багам. Театрга эл көп келсе деп кыялданам. Союз учурунда маданият гүлдөп өсүп турган убакта театрдан элдин башы чыкчу эмес. Ошол күндөр кайра келсе, атаганат.

Лунара БЕКИЕВА

БУЛАК:Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу