Мандариндин кандай пайдасы бар?

Мандарин — цитрус тукумундагы түбөлүк жашыл жапыз өскөн бак. Мекени Кытай, аталышы да кытайлардан келип чыккан. Илгерки заманда Кытайдагы бай, жакшы жашаган адамдарга «мандарин» деген лакап ысым берилген экен.

Өзгөчөлүгү – кыш мезгилинде тумоо, суук тийүү жана С витамини керектүү бардык ооруларга шыпаа болуп берет. Башка цитрустарга караганда жалбырагынын сабагы ичке жана ал тез бышкан жана көп жемиш берген бак. Май – июль айларында гүлдөйт. Гүлү ак түстүү, майда. Ноябрь – декабрь айларында жемиш берет.

Мандарин – мелүүн аймактарда өскөн таттуу, сулуу жана жыпар жыттуу жемиш. Апельсинге окшош өзгөчөлүктөрү бар жана айрыкча С витаминине өтө бай. Курамында А, В, Е витаминдери менен кошо калций, калий, магний, натрий, темир, бром жана фосфор минералдары бар. Ал эми кабыгы Р витаминине бай.

Пайдалуу жагы:

— Канды тазалайт.

— Жүрөк менен тамыр ооруларына каршы коргойт.

— Холестеринди жана жогорку кан басыиды түшүрүүгө жардам берет.

— Кан тамырдын катуулануусуна жана шал ооруларына пайдалуу.

— Нервди тынчтандырат.

— Кечки тамактан кийин 1-2 даана жесе, уйкусуздук оорусуна пайдалуу.

— Иммунитетти бекемдейт. Жөтөлгө, сасык тумоого пайдалуу.

— Тамак-аш сиңирүүнү жакшыртат.

— Терини тазартат. Микробдорду жоюп, ашказанды жугуштуу оорулардан сактайт.

— Чөлдөгөдө кандырып.

— Кан айлануу системасын жакшыртат.

Мандаринди жемиш түрүндө жана кыям түрүндө жесе болот. Кабыктарынан эфир майы жасалат. Кабыктарын майдалап туурап, кекс, торт сыяктуу таттууларга кошуп бышырса, жүрөк жана кан тамыр ооруналарына пайдалуу болуп саналат.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу