Мандариндин кабыгы жөтөлдүн алдын алабы? Кантип?

Мандариндин кабыгы эфир майы, фитонцид, каротин жана башка түрдүү антиоксиданттарга бай. Ошондуктан аны ыргытып жибербестен, турмуш тиричиликте колдонсо болот.

Дисбактреиоз болуп жатканда

Эгерде сиз дисбатериоз болуп жатсаңыз, анда мандариндин кабыгын кофе майдалагычтан өткөзүп, аны сүзмө жана боткого бир кашык аралаштырып жесеңиз болот.

Жөтөл учурунда

Эки аш кашык майдаланган мандариндин кабыгына бир стакан суу куюп, бир жума караңгы жерге коюп коёбуз. Аны марлиден өткөрүп алабыз, кийин тамактануунун алдында күнүнө үч ирет жыйырма тамчыдан ичүү керек.

Тырмагыңыз тез сына берсе

Ал учүн күнүгө кеминде үч ирет мандариндин кабыгы менен тырмакты сүртүү керек.

Журөктүн согушу артып, артериялык кысым көбөйүп, уйкусуздукка кабылсаңыз….

Жүрөктү согушу артып, уйкусуздукка кабылган учурда, бир стакан майдаланган мандаринди үч литр кайнаган сууга куясыз. Андан кийин аны ваннага куюп, сууга түшүү керек. Мындай ыкма төмөнкү оорулардын алдын алат.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу