«МАНАС» ОРДЕНИН КИМДЕР АЛДЫ? КИМДЕР ЭЛ АРТИСТИ БОЛДУ? (ТИЗМЕ)

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Сыйлыктар Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн берилди.

Сыйлыкка татыктуу болгондордун айрымдарынын тизмеси:

II даражадагы «Манас» ордени менен:

Базаркулов Мукаш Базаркулович – Кыргыз Республикасынын эл мугалими, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүүнү  өнүктүрүү маселелери боюнча коомдук эксперттик кеңештин мүчөсү;

Жумабеков Сабырбек Артисбекович – Бишкек травматология жана ортопедия

илимий-изилдөө борборунун директору;

III даражадагы «Манас» ордени менен:

Абдесов Нургалый – Бишкек шаарындагы № 66 «Ден соолук жана өнүгүү мектеби» окуу-тарбия комплексинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

Абдукаримова Махирахан – Ош облусунун Кара-Суу районундагы Чолпон атындагы № 79 орто мектебинин математика мугалими;

Абдылдаев Эрлан Бекешович – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Малаев Нимат – Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө

борборунун ЛОР бөлүмүнүн башчысы;

Сооронов Омор – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун ага илимий кызматкери, кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастарын изилдөөчү жана котормочу;

«Даңк» медалы менен:

Адыбаев Кошойбек Джакыпович – Апрель элдик революциясынын активдүү катышуучусу;

Багышбеков Бузурман Кожомуратович – Апрель элдик революциясынын

активдүү катышуучусу, Талас шаардык кеңешинин депутаты;

Жаманова Асылкүл Окошевна – Апрель элдик революциясынын активдүү катышуучусу;

Каримов Мирзохалим – жазуучу, публицист;

Нурунбетов Балтахун Аттокурович – М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин «Коомдук илимдер» кафедрасынын

башчысы;

Рыскулова Айгул Маратбековна – Бишкек шаарынын вице-мэри;

Рыскулова Бюбюсара Рахматовна – «Сезим» кризистик борбору» коомдук

бирикмесинин аткаруучу директору;

Сааданбеков Чоробек Идирисович – «Википедия» кыргыз тилдеги версиясын өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча долбоордун жетекчиси, «Биздин мурас» коомдук фондунун директору;

Хайбуллина Зульфира Шарафовна – коомдук активист, волонтер;

«Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген ардактуу наам:

Ниязов Келдибекке – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын артисти;

Нургазиев Давлетбек Бакасовичке – К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл

облустук музыкалуу-драма театрынын артисти, көркөм жетекчиси;

Сапаралиев Алтынбек Рыскуловичке – эстрада ырчысы, Кыргыз

Республикасынын театралдык ишмерлер союзунун мүчөсү;

Шакеева Зейнепке – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясына караштуу К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин солист-вокалисти;

Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими», «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер», «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы», «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер» наамдар жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлангандар дагы бар.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу