«Манас» жана «ОШ» аэропорту кимге берилет

1-декабрда Жогорку Кеңеште “Республика-Ата-Журт” фракциясынын жыйыны
болду. Жыйындын жүрүшүндө “Манас” жана “ОШ” аэропортун Түркиялык “TAV Airports
Holding” компаниясына берилиши боюнча сөз козголду. Түркиялык компания эки
аэропортко инвестиция салганга кызыктар экени Сапар Исаков менен Түркиялык
компаниянын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда сүйлөшүлгөнү да белгилүү болду.

Дуйшөнбек Зилалиевге “Биз газды Россияга, жолду Казакстанга, аба жолдорун эми Түркияга берип койсок, биздин коопсуздугубуз кандай болот” деп суроо салышты депутаттар. Ал эми Дуйшөнбек Зилалиев “Биз азырынча Түркиялык компанияга аэропортту бере элекпиз”,- деп жооп берди.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу