Мамлекет кызыкчылыгы үчүн коррупционерлердин колуна кишен салынып, мүлктөрү конфискацияланышы керек.

Экс-президент А. Атамбаевдин убагында коррупцияга каршы күрөш жүрүп аткандай түр жаралганы менен анын айлана-тегерегиндегилер өздөрү коррупцияга белчесинен батып калышканы коомчулукка ачык маалым болуп калды. Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо бир кычкачты 640 доллардан, бир видеобайкоо жүргүзүүчү камераны 14500 доллардан документтештиришкени, алтургай анын Техникалык экономикалык негиздемеси да даярдалбастан эле иш жасалганы ачыкка чыкты. 

Анын артынан эле борбор калаабыздагы Тарых музейин реконструкциялоодо жыгачтан жасалган инсталляция (жөн эле устун сыяктуу) 600 доллардан (жалпы 54 даана) сатылып алынганы , жыгачтан жасалган аттар (көбүрөөк эшекке окшош) 14 000 евродон сатылып алынуусу пландаштырылганы, мындан сырткары дагы эмеректерди өтө эле кымбат баада сатып алышкандары билинди. Алтургай Тарых музейинин алдындагы төшөлүп туруучу мурдагы таштар учурда А. Атамбаевдин Кой-Таштагы жаңы курулган хансарайынын эшигинин алдына төшөлүп калганы да жашыруун болбой калды.

Демек, эми эл мына ушул экс-президент А. Атамбаевдин айлана-тегерегиндегилердин мыйзам чегинде татыктуу жазасын алуусун күтүп турган чагы. Бул багытта эксперт Турат Акимов мындай дейт: “Атамбаевдин командасынын финансылык күчү өтө көп. Ошол эле Илмияновдун тегерегинде, ошол эле музейдин тегерегинде чоң акчалардын булактары чыгып калышы мүмкүн. Ошол эле чек арадан кармалган Дамирбек Асылбек уулу деген депутат да Атамбаевге караштуу болуп калган. Андыктан Атамбаевдин финансылык базасын солгундатуу, соолутуу үчүн Атамбаевдин тегерегиндегилердин баарысына иш козголушу керек”.

Турат Акимов эми алдыда “компроматтар согушу” болушу күтүлө турганын айтат. “Эми Жээнбековдун командасы баарына иш козгоп, компроматтарды толтурушу керек. Анткени Атамбаевге караштуу мурда кеткен күч органдары албетте алар дагы папкаларын даярдап кеткен. Муну “Компроматтар согушу” деп коет”, — дейт ал.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө коомчулукка белгилүү болуп калган ТЭЦ, Музейдеги коррупциялык элементтерге тиешеси барлардын баары катуу жазаланышы керек экендигин белгилейт. “Булардын арты кандай бүтүшү керек экендигин Сооронбай Шарипович өзү чечет. Анткени мындай маселелерди чечүүдө өтө чечкиндүү болуп, оор жазаларын берип, тартипке тартыш керек. Болбосо, 27 жылдан бери уурулукка көнүп калган биздин көчө шыпыргычтан тарта президентке чейин эч ким жоопко тартылган эмес. Болор-болбос жоопкерчилик менен көбү кутулуп кеткен. Чоңдордун көбү чет өлкөлөргө качып кеткен. Биз мына кече жакында эле Малайзиянын премьер-министрлик кызматына келген Махатхир Мохамаддын таасиринен да алсак болот. Ал бийликке келип, 5 күндүн ичинде чек аранын баарын бууп, самолет, поезд, кораблдер кеткен КППлардын баарын камакка алып, камалган премьер-министрдин үй-бүлөсүн, бала-чакасына чейин баарын мамлекеттен чыгарбай, чоң-чоң фуралар менен уурдалган алтындардын баарын көргөзүп, дүйнөгө таратып койду. “Биздин келечек мындай болбошу керек. Биз өмүрүбүздү мамлекет, эл үчүн арнаганбыз. Бул биздин кылмыш жасаган премьерибиз толук түрдө жазасын тартыш керек” деди. Ушундай эле негизде Монголиянын президенти иштеп атат. Ошондой күрөш Өзбекстанда болуп атат. Андыктан Сооронбай Шарипович бул дүйнөлүк трендден кача албайт. Андыктан президент дагы ушундай чечкиндүү кадамдарга барууга мажбур болот”, — дейт эксперт.
Анан дагы ал учурда ТЭЦтеги, Тарых музейиндеги коррупциялык көрүнүштөр коомчулукка ачык белгилүү болуп, кызуу талкуу жаратып калгандыктан, эми ал иштерге катыштыгы барларга карата жеңил жаза берилип калса, анда бийликтин өзүнө терс таасир тийип калышы мүмкүн экендигин, андыктан бул коррупциялык иштерге катыштыгы барлар толук кандуу катуу жазаланашы зарылдыгын белгилейт.

БУЛАК: maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу