Бүгүн, 23-сентябрь мамлекеттик тил күнү. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү» мыйзамынын кабыл алынгандыгына 28 жыл толот. Маалыматка ылайык, 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамды кабыл алышы менен кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алып, анын өнүгүш жагдайы аныкталып, мамлекеттик мекемелерде колдонуу тартиби такталган. Ал эми 2014-жылы кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча улуттук программа кабыл алынган. Бул күндү утурлай жер-жерлерде ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет.