«Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу маалыматты президент басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2018-жылдын 19-апрелинде кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттин экономикасына чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвестицияларды тартуу, экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле квалификациялуу башкарууну уюштуруу жана мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү тартибин жакшыртуу болуп саналат.

Атап айтканда, мамлекетке таандык болгон чарбалык шериктердин жана коомдордун капиталдарындагы акцияларга (үлүштөргө) жана мүлктүк комплекс катары мамлекеттик ишканаларды ишенимдүү башкарууга берилчү мүлк катары аныктоо сунушталган.

Ошону менен бирге мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга конкурстук негизде өткөрүп берүү менен катар аталган башкаруунун ыкмаларын кеңейтүү жана өнүктүрүү максатында түз өткөрүп берүү ыкмасын колдонуу да сунушталган жана субъектердин өз ара аракеттенүү учурунда жоопкерчилиги күчөтүлгөн.

Буга кошумча Мыйзамда мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүүнүн тартибин кыйла так жөнгө салуучу ченемдери киргизилген, мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга алган жактарга конкреттүү талаптар белгиленген.

Жалпысынан Мыйзам ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусу (менчиктин ээси) менен ишенимдүү башкаруучунун ортосундагы укуктук мамилени кеңири жана так аныктоого, ошондой эле иш жүзүндө ишенимдүү башкаруу механизмин пайдаланууну кеңейтүүгө багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу