Мамлекеттик каттоо кызматы Kloop.kg маалымат сайтын сотко берет

Мамлекеттик каттоо кызматы Kloop.kg маалымат сайтын сотко берет. Бул тууралуу
аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Kloop.kg сайты 26-октябрда Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдындагы көз боёмочулук
тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда Мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматтар коомчулукка
белгисиз samara.kg сайтына көчүрүлүп, бир ай бою жарандардын жеке маалыматтары көзөмөлгө
алынып турганы жазылган. Аталган сайт үгүт кампаниясы учурунда Кыргызстан социал-демократтар
партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековго добуш берчүлөрдү белгилеп турганы айтылат.
Мамлекеттик каттоо кызматы буга чейин да мындай маалыматты четке кагып, мекеменин сайтынын
коргоо системасы күчтүү экенин билдирген болчу.

Аталган сайт түзөтүү бергенден жана макаланы сайттан өчүрүп салуудан баш тарткан.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу