МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ ДАСТАН ДОГОЕВ КЫЗМАТТАН КЕТТИ.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоев өз каалоосу менен отставкага кетти. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Мындай чечимге Догоев жеке шарттарына байланыштуу келгенин билдирди.

30 жаштагы Дастан Догоев өткөн жылдын жай айында мамлекеттик каттоо кызматын жетекчилигине алган. Буга чейин ал ведомство төрагасынын орун басары болчу.

Ал эми Догоевдин ордуна Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Алина Шаикова дайындалды.

Булак:Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу