Мамлекеттик авиакомпания «Эйр Кыргызстанды» кимдер курутууда..

 

“Эйр Кыргызстан” деп аталган аты бар, бирок заты жок жападан жалгыз мамлекеттик авиакомпаниябыз бар. Бүгүнкү күнү ал эмне иш кылууда? Ички каттам болобу, сырткы каттам болобу бул компания бир да самолет учурбай калыптыр. Эмнеге деген суроо болсо азыркы учурда самолет учуруу экономикалык жактан пайдасыз имиш. Андагы иштеген жетекчилердин айтымына караганда, маселен  ар бир учуу 70-80 евродон кем болбош керек экен. Ошондуктан чыгымга иштебей учууларын токтотуп салышкандыгы маалым  болууда. Бирок ошол эле учурда эмне үчүн жеке менчик компаниялар кабагым-кашым дебей эле жумасына 5-6 рейс  кылып учуп жатышат.  Анда жеке эле ички каттам эмес, эл аралык каттамдарга да  учуктары тынбай учууда. Рынок заманынын мыйзамдарына ылайык бир да жеке менчик ишкана чыгымга иштейбейт. Болбосо алар эмнеге баланча кабат конторун толтуруп алып иштеп жүрүшөт?  Демек,  мамлекеттик авиакомпаниянын жетекчилигинин  айткандары суу кечпеген эле маселе. Айрымдары мунун артында чоң-чоң “иштер”  жатышы мүмкүн деп эсептешүүдө.  Учактарын болсо чет өлкөлүк компанияларга ижарага берип салышыптыр. Балким, учак учуруу машакатынан качып оңой жолго өткүлөрү келгендир. Биздин жарандардын ички-сырткы каттамдарга өз убагында башкалардан арзаныраак учуусун мамлекеттик компания  камсыздабаса бул маселени ким аткарат? Эгерде бул маселе чечилбесе жетекчиликти алмаштыруу керек окшойт.

БУЛАК:ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу