Мамлекетке 183 млн. сом зыян келтирген майнинг-ферма аныкталды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы Бишкектин бир канча кичи райондорго жете турган электр энергиясын пайдаланган, өлкө бюджетине 183 млн. сомдон ашуун зыян келтирген майнинг-ферма аныкталганын кабарлады. Маалыматта: мындай учур Кыргызстанда биринчи жолу катталып жатканы айтылат. Кытай жана Кыргызстандын жарандары компьютердик программаларды иштеп чыгуу жана аларды изилдөө лабораториясы деген негизде ТЦ. аттуу ишкана ачып иштеп келишкен. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында бул топ өздөрүнүн санарип акча, криптовалюта (биткоин) түзүү боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жүргөнү аныкталган. Муну менен катар алар эсептеп чыгаруучу системаны, телекоммуникацияны жана байланыштагы жаңы каражаттарды (компьютердик жабдуулар-блокчейн) колдонушкан. Кыргызстандын жараны ишкананын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон жана ал майнинг-фермага электр энергиясын жеткирип берген. Ортомчулук кьгзматы үчүн компания 2018-жылы 21 млн. сом киреше тапкан жана салык төлөгөн эмес. Т.Ц. мекемесин тинтүү маалында 8 миңден ашуун күнү- түнү электр энергиясына жана интернетке байланышып турган ар кандай моделдеги майнер табылган. Ишкананын жетекчилиги ага уруксат берген документтерди көрсөтө алган эмес. Ошондой эле электр энергиясын пайдалануу нормадан ашканы, болжол менен 6-7 мегаватты түзгөнү белгиленет. Анын баасы айына 13-14 млн. сомду түзгөн. Муну Бишкектин бир канча кичи райондору пайдаланган электр энергиясына салыштырса болот.

БУЛАК: Фабула 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу