Мамилени бекемдөөнүн төрт ыкмасы…

Сүйүктүүңүз менен мамилени кантип жакшыртуу керек? Эксперттердин кеңешине көңул бөлүп көрүңүз:

Дем алыш алыңыз

Сүйүктүңүз менен сүйлөшүп алып, бир убакта дем алуу алып, бирге эс алыыга барыңыз. Кафеге барып, тамактанып келиңиздер. Же болбосо балдар мектепте болгон кезде романтикалык досторкон жайыңыз.

Үйдү бирге коюштуруңуз

Үйдөгү жумушту биргелешип аткаруу мамилени бекемдейт экен. Жаңы парданы, жаңы эмеректи бирге тандаңыз.

Сүйүктүүңүздүн жакшы жагын көрө билиңиз

Психологдор жагымсыз ойду жакшыга өзгөртүү өтө маанилүү экенин айтышат. Ошол себептен сүйүктүүңүздүн жаман жактарын эмес, жакшы касиеттерин көрүүгө тырышыңыз.

Тажаткан, кайталана берген жумуштарды токтотуңуз

Кайталана берген, тажатып жиберген жумуштар адамды зериктирип жиберет. Карым-катнашта да ушундай. Анын ордун толтуруу үчүн ар жумада киного, ишенби күндөрү досторуңуз менен жоолугуп, конокко барыңыз. Же болбосо башка өлкөгө саякаттап келгиле.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу