Мамилеге кантип чекит коюу керек? Кыздарга кеңеш…

Тамара Воронцова, психотерапевт

Мамилени токтотуу жөнүндө айтуу оңой эмес. Бирок, көпкө созуп жүрө берсеңиз өзүңүздү да, жигитиңизди да кыйнайсыз. Келиңиз, бул тууралуу кантип айтуу керектигин карап көрөлү.

Биринчиден, жигитиңиз эмне үчүн жакпай калды аныктап алыңыз. Себептери олуттуу болушу керек: ичет, баңги колдонот, кумар оюндарын ойнойт, жалкоо, агрессивдүү, кол көтөрөт ж.б. Мындай учурларда мамилени дароо токтотуңуз!

Себептери башка болсо жакшылап ойлонуу керек. Мисалы, колуңузду 10 бала сурап жатса, тандасаңыз болот, эч ким жок болсо, жигит менен беш жолу жолуккандан кийин бир чечимге келиңиз. Көйнөгү, чач жасалгасы жакпаса, аны өзгөртүп коюу өз колуңузда.

Мамилени токтотууну чечсеңиз, капыстан жоголуп кетпеңиз: чалууларга жана SMSтерге жооп бербесеңиз, жигит принципиалдуу түрдө сизди багындырууга аракет кылат.

Жолугууну белгилеңиз. Кийин кек сактап калбасын десеңиз, мамилеге телефондон чекит койбоңуз.

Себептерин ачык айтыңыз, жашырбаңыз. Ачууга алдырбай, токтоо болуңуз.

Жакшысы, мыкты жигит экенин айтып, артыкчылыктарын баса белгилеп, анан жөн гана дос боло алабыз деп түшүндүрүңүз.

Кымбаттуу кыздар, эгерде жигит ала качып кетсе, эч качан олтуруп калбагыла. Өзү кет дегидей кылып жоосунсуз жоруктарды жасап, сотко кайрылгыла. Алсыз эркек менен кылмышкерге тагдырыңарды бузууга жол бербегиле!

Булак: «bilesinbi.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу