Мамбетовдун мээси жеткенге, Абылгазиевдин акылы жетпейби?

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов жол кыймыл эрежелерин бузууга салынган айыптардын суммасы «негизсиз жогору» экенин моюнга алып, штрафтарды төмөндөтүү керектигин колдой турганын билдирди. Ырасында, айыптардын суммасы өтө чок болуп элдин нааразычылыгын жаратып жатат. Жогорку Кеңештин депутаттары айыптарды төмөндөтүшү керектигин айтымыш болуп каникулга тарап кетишти. Өкмөт мыйзамсыз жол белгилерин орнотуп элдин канын сорууда. Сыягы буларды эл көтөрүлүп эсине келтиргенче кемчиликтерин жоёлу дешпейт окшойт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу