Мамбетжунус Абылов, Экс-министр: “Жогорку Кеңешке МОМЖдор депутат болуп алгандай сезилди…”

— Мамбетжунус мырза, Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин декларациясын жарыялап, анда парламент депутаттарынын теңине жакынынын үй-жайы жок болуп чыкты. Бул көрүнүштү кандай кабылдадыңыз?

— Төбө чачым тик турду. Абдан таң калдым. БОМЖдардын баары депутат болуп алгандай таасир калтырды. Эл эмне “үй-жайы жоктун баары депутат болуп алыптыр” деп ойлоп калды дейсиңерби? Азыр парламентке бай эмес адам депутат боло албай калган заман. “Депутат болом” десең жок дегенде 0,5 миллион доллар коротушуң керек. А үй-жайы жок адамдын ошондой акчасы болобу? Ким ишенет? Мен таптакыр ишенбейм. Чынында, чириген байлар парламентте отурушат. Байлыктарын бирөөлөргө каттатып коюп, өздөрү таза адамдай көрүнгүлөрү келишет. Декларация жөнүндө мамлекеттик мыйзам бар. Ага ылайык, ар бир мамлекеттик кызматтагы адамдар жыл сайын өзүнүн киреше, чыгашасын көрсөтүп, декларация толтуруп туруш керек. Бирок, азыр коомдо аны аткаруудан баш тарткандар көбөйдү. Толтура келгенде, байлар да таптакыр эле жылаңач болуп чыга келишүүдө. Муну мыйзамга баш ийбегендик деп ойлойм.

— “Апрель баатыры” Алиясбек Алымкуловдун көзү тирүү кезинде айкели орнотулушу, анын ачылышына өзү барып сөз сүйлөгөнү коомчулукта сынга кабылды. Бул тууралуу эмне айта аласыз?

— Моралдык жагынан туура эмес. Антейин десең, көзү тирүү кезинде айкели тургузулган буга чейин деле учурлар болгон. Маселенин экинчи жагы бар. Көзү тирүү кезинде айкели тургузулган ал адамдын мамлекет үчүн, эл үчүн канчалык эмгеги сиңди? Алиясбек өзүн “Апрель баатырымын” деп жүрөт. Наамы бар, болсо болгондур. Бирок, уят го. Көбү апрель окуясында кыйратып койгон киши болуп жатышат. Жыргалчылыкты камсыздап беришкенсип. “Апрель баатырымын” деп төш каккандардын алды “Апрель” телеканалын ачып, арты айкелин тургузуп атышканы бир чети күлкүнү келтирет. Мен айтат элем, жанагы айкелдер тургузулган жерди аныкташ керек. Эгер, мамлекеттин жери боло турган болсо, анын мыйзамдуулугун текшерип, чечимсиз берилсе, айкелдерди түрттүрүп салыш керек.

Динар Турдугулова

Булак: Азия Ньюс  

Аргумент.kg
Жооп калтыруу