Маматалиев шыпырбы?

«Жандоочу кийик аттырат» деген кыргыздын жакшы макалы бар. Маанисин жөнөкөйлөштүрүп чечмелесек, жандаган жигитиң же жолдошуң мыкты болсо жолуң болот, ийгилик жылмаят дегенди билдирет. Ошондой эле эгер жандаганың начар болсо «этиң тургай, табагыңды таап ал» болосуң деген экинчи кыйыр мааниси да бар. Мына шайлоо башталгандан бери президенттикке аттангандарды кимдер жандап жүргөнү дагы көз жаздымда калган жок. Эл баарына тараза. Коштоочуларын көрүп эле бааларын так, таамай берип коюшат. Мына Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында «Ар-Намыс» партиясынан депутат болгон Маматалиев Абдырахман Бабановго дем берип, сүрөөнчү болуп жүрөт. Мына ушул эргул Алайда «Исмаил Исаков менен Абдыганы Эркебаев Ббановду колдоорун айтышты» – деп жар салды. Ошондон кийин эле Сооронбай Жээнбеков Алай эли менен жолугушту. Ошол жерде Исмаил Исаков Сооронбайга добуш бергиле деп үгүт кылып, аябай суранды. Көрсө Маматалиев Бабановго окшоп калпты-чынды койгулаштыра бергенди өнөр көрөт экен…

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу