Мамалактын майын соргон Узакбаев

Дагы бир экс-депутат, тагыраагы 5-чакырылышта «Ар Намыс» партиясы менен депутат болгон Талант Узакбаев учурда ушак чыны белгисиз болгон узун жомокторду чуурутуп, «Ата Мекен» партиясына таарынычын айтып бүтө албай жүрөт. Бирок, Узакбаевдер кыйын келишет. Капчык жаатында кайгылары дээрлик жок. Дегеним, Ысык-Көлдүн сырт жайлоосундагы миңдеген топоздорун көбөйтүү менен алектенген Талант мырза боштуктан эч эрикпейт. Болгону депутат болуп коюп, ар кандай учурда байлыкты арттыра берсе жаманбы? Жайы-кышы дебей топоздун жаш мамалагынын чүйгүнүн жеп, чүчкүрүк оору дегенди билбеген Узакбаев ушу тапта чымчып байланган каптай эле кампаят. Болгону, Жогорку Кенештин бир мандаты гана жетишсиз болуп, түн уйкусунан калып туру.

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу