Мактангысы келип, өзүнө каршы дагы көп айыптарды ачты

Экс-президент А.Атамбаевдин көбүрөөк сүйлөгөнү бизде мурдатан чоң кызыгууну жаратчу. Анткени, ал майдалап түшүндүрөм деп жатып, байкабай өзүнүн бедел-аброюна зыянын тийгизе турган нерселерди да айтып, мурда элден жашырып келгендерин да балп эттирип салчу. Анын мурдагы күнү, тагыраагы  19-ноябрда “Апрель” телеканалында көрсөтүлгөн бир жарым сааттык интервьюсунда да  ошондой болду.

Мында да  ал  өмүр бою таза, ак иштеп, дайыма мыйзамды карманып, мыйзам боюнча иштеп келаткандыгын кеминде он жолу кайталады. Бирок, жогоруда айтылгандай, адатынча президент болуп турган убагындагы резонанстуу  соттук процесстердин  айрымдары анын көрсөтмөсү  менен ишке ашырылгандыгы оозунан чыгып кетти. “Мен Текебаевге, Ч.Жакыповага, “Заноза” сайтына, айрым журналисттерге  карата андай катуу чараларды колдонбой эле койсом болмок экен” деген өкүнүчүн билдирди ал. Мунусу менен ал укук коргоо органдары анын көрсөтмөлөрүн гана аткарышкандыгын мойнуна алып жатпайбы.

Ошондой эле ал ушул жылдын 29-мартында аракеттеги президент менен болгон 4 сааттык жолугушуусунда Сапар Исаков баштагандарды каматтырбоону талап кылгандыгын, ал эми КСДПнын 31-марттагы курултайында ага 3 эскертүү бергендигин, бирок аларды С.Жээнбеков аткарбагандыгын айтты. С.Исаков баштагандар мамлекетке ондогон миллион долларлык зыян келтиргендиктери үчүн айыпталып жатышса, аларга адвокаттык кылып, жадегенде тергеп-тескөө иштери аяктай электе ага кийлигишкенге анын кандай акысы бар эле? Мыйзамды сыйлаган, карманган саясатчылар эч качан укук коргоо органдарынын иштерине кийлигишпейт. Мунусу менен ал С.Жээнбековду такай мыйзам бузууга түртүп келгендигин да ачыкка чыгарды.

“Мурда менден пирожкиге акча сурап жүргөндөр апрель революциясынан кийин эле мультмиллионерлерден болуп чыга келишти” деди ал. Эгерде ал  тазалыкты, чындыкты, мыйзамдуулукту баарынан жогору койсо, эмне үчүн 7 жыл бийликте турган убагында банктардын ячейкаларындагы акчалардын, мародёргейттин, Ош, Жалал-Абад облустарында коогалаңдардан кыйрагандарды калыбына келтирүүдө дайынсыз жоголгон акчалардын жаңжалдары ж.б. резонанстуу маселелер боюнча иштерди аягына чыгарган эмес? Ага ким тоскоолдук кылды? А.Атамбаев президент болуп тургандан бери эле  тамекиге, обедке акча сурап жүргөндөрдүн апрелдеги төңкөрүштөн кийин эле чексиз байып кетишкендерин айтып келет, бирок “алар булар” деп бир да жолу аттарын атай элек. Же алардын бардыгы экс-президент менен бөлүшкөн, маселен Ош, Жалал-Абаддагы кыйрагандарды калыбына келтирүүгө бөлүнгөндөрдөн 5 миллион долларды Ж. Сатыбалдиев Алмаз Атамбаевге берген дегендер чынбы?

Экс-президент бул жолу да 1989-жылдан бизнес менен шугулдангандыгын, алгач таңсык китептерди чыгарып байыгандыгын, анан ал акчаларга заводдорду сатып алгандыгын, Түркиядагы ишканасынан бир жылда 26 миллион доллар киреше тапкандыгын айтты. Эми буларга кеңирирээк токтололу.  Ондогон миңдеген нускаларда китеп басып чыгаруу оңой каражатты талап кылбайт. Аларга ал анча акчаны кайдан алган? Анын үстүнө 1989-1991-жылдары Кыргызстандын басмаларынан жүз миңдеген нускаларда чыгарылган М.Булгаков, Э.Золя, Дж.Лондон, Г.Мопассан сыяктуу авторлордун тандалмаларынан бир да “чакан ишканада же менчик  басмада басылган”  же “баланчанын каражатына  чыгарылган” дегендерди көргөнүбүз жок. Бардыгы эле мамлекеттик басмаканаларда чыгарылыптыр. Анда аларга жеке ишкер А.Атамбаевдин кандай тиешеси бар?

Мурда бул тууралуу ооз ачпаса, аталган интервьюсунда 1999-2003-жылдары Түркияда жүрүп байыгандыгын, алсак, 2002-жылдын ичинде эле менчик ишканасынан 26 миллион доллар таза киреше тапкандыгын, андан кийин Реджеп Тайип Эрдоган 50 миллион долларын өндүргөнгө жардам кылгандыгын айтты. Аларды бул жерде текшергенге мүмкүн эмес, 1999-2003-жылдарда анын Түркияда канча салык төлөгөндүгүнө жараша эле ал айткандардын канчасы чын, канчасы китептер жөнүндөгү мифтерге окшоштугун аныктап койсо болот, бирок Эдил Байсалов жакында эле экс-президент 2003-жылы Түркиядагы бизнесин 17 миң долларга саткандыгын маалымдагандыгын жакшы билесиздер. Экс-президент Түркиядагы бизнесинен жылына  26 миллион долларлык киреше алып тургандыгы чын болсо, ал эмне үчүн  17 миң долларга гана сатылган?

Экс-президент үчүн жадатма идеяга айланып, жанына тынчтык бербеген — Райым Матраимов. 2010-жылы апрелде аны Оштун бажыканасынын башчылыгынан А.Бекназаров менен С.Жээнбеков кууп жиберишкенде 400 миң долларын алып, аны кайра ордуна  А.Атамбаев койдургандыгы ошондон бери айтылып келет, эки дос же А.Бекназаров менен А.Атамбаев анын айынан араздашкан. Анан 2017-жылдан тартып эле Р. Матраимов  эмнегедир А.Атамбаев үчүн жек көрүндү фигурага айланып калды. Эмне үчүн? Анткени, анын, бир туугандарынын Ош тараптагы таасирлери аябагандай күчөп кетти, ал эми экс-президент өзүнөн башкалардын таасирлеринин өсүшүн көргүсү келбейт. Эгерде ал үчүн  Райым миллион  ошончолук  эле одиоздуу фигура болсо, анда анын агасы Р. Матраимовду КСДПнын тизмеси аркылуу ким Жогорку Кеңешке депутат, инисин Кара-Суу районуна ким аким кылган? Экс-президент билбесе, айтып коёлу, ал — Алмаз Атамбаев деген адам.

“Апрель” телеканалы Атамбаевдин  жеке менчигиндеги нерсе. Ошондуктан анын журналисттери интервьюда канчалык батыл суроолорду бергендей көрүнүүгө аракеттенишкени менен ар бир суроону алдын ала телеканалдын ээси менен макулдашып алышкандары, андан ары-бери чыга алышпагандары көрүнүп турду. Маселен, экс-президент Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ЕРСтик келишимди кычкачтык 2 комплектинин 600 доллардан сатып алынгандыгы эле жаманатты кылып салгандыгын, авария ЖЭБдин оңдолбогон бөлүгүндө болгондугун, эгерде ЖЭБ модернизацияланбаса, быйылкы январда Бишкекте элдер гана тоңбостон, көчөлөрдүн бардыгы бузулмактыгын  айтып күйүп-бышты. Эгерде журналисттер калыс, обьективдүү болушса, интервьюну көргөндөрдүн бардыгынын тилдеринин учунда турган:  Кычкачтык комплектилер гана эмес, жабдуулардын бардыгы, видеобайкоо аппараттары, өрт өчүргүч баллондор, лифттер, а түгүл канцелярдык эмеректер да базардык бааларынан 3-4 эсе кымбатка сатылып алынгандыгы, түтүн чыгаруучу мунаранын 16 миллион долларга демонтождалганы жөнүндө эмне дейсиз? Эмне үчүн ЕРСтик келишимге кирген сууну химиялык жол менен тазалоочу цех оңдолбой калган? ЖЭБ  2012-2013-жж. кышкы сезондогу быйылкы январдагыдан  катуу сууктарга чыдады эле, эмне үчүн модернизациялангандан кийин  чыдабады? Эмне үчүн 386 миллион долларга ЖЭБдин 30 пайызы гана модернизацияланды? – деген суроолорду беришмек. Анда, албетте, алар 20-ноябрдан  тартып башка жерлерден жумуш издегенге аргасыз болушмак.

А.Атамбаевдин ЖЭБди модернизациялоого жумшалган чыгымдарды өндүрүлгөн ар мегаваттын баасы менен баалоого аракеттенгендиги, элдин башын айлантып, адаштарып, негизги маселеден көңүлдөрүн башкага бурууга болгон гана аракет. Бишкек ЖЭБинин негизги милдети — электр энергиясын өндүрүү эмес, элди жылуулук менен камсыз кылуу. Ошондуктан аны гикакалориянын кубаттуулугу канчага арткандыгы. Алар канчага тургандыгы  менен эсептөө керек эле. Анын үстүнө ЖЭБ модернизацияланганга чейин деле 180 мегаваттын тегерегинде электр энергиясын өндүрүп келген. Электр энергиясынын бардыгы ЖЭБ модернизациялангандан кийин гана өндүрүлө баштагандай кылып көрсөтүү чындыкка таптакыр коошпойт.

“Эгерде Илмиянов камалбаса, 2017-жылдагы президенттик шайлоого жумшалган каражаттар ачыкка чыгарылмак эмес” деп ал, фейктик  документтердин кимден чыккандыгын кыйыр түрдө мойнуна алды.

Экс-президент өткөн жылы 111 миллион сом киреше тапкандыгын, андан мурдагы жылдардагы кирешелери деле андан аз болбогондугун айтты. Бирок, эмне үчүн анда аларды 2014-2018-жылдардагы декларацияларында көрсөтпөгөн, эмнеге алардын салыктарын да төлөгөн эмес? “Белизгейт” боюнча документтердин жасалма экендиги алда качан ырасталгандыгына карабастан, эмне үчүн аны ал мойнуна алгысы келбейт? Эмне үчүн ал Илмияновдун камалгандыгына өзгөчө катуу  чычалап жатат?

Ал: “Жээнбеков Бакиевдердин жолу менен баратат” дейт. Буга чейин Жээнбеков Бакиевдерди Оштон эки саатта кубалап чыккан азамат“ деп мактап жүргөн ким эле?

Экс-президенттин интервьюсунан кийин пайда болгон  мындай суроолор көп. Экс- президент өз интервьюсунда өзүн мактайм, актайм деп жатып, адатынча өзүнүн мыйзамсыз көп иштерин ашкерелеп, шектенүүлөрдү, суроолорду кайра көбөйтүп алгандыгын, алар укук коргоо органдарын кызыктырарлык  материалдардан боло тургандыгын айта кетүү зарыл. Биздин оюбузча, анын кирешелери, Кой-Таштагы участканы курулуп бүтө элек үйү менен (буга чейин эл участка деп эле жүрүшкөн)   эмнеге өтө эле арзанга сатып алгандыгы укуктук  атайын  иликтөөлөрдү талап кылат.

Булак: “Майдан. kg” гезити

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу