Максим Бакиев Англияда киши өлтүрүүгө аракет кылды деп соттолуп жатат

Качкын президенттин уулун киши өлтүрүүгө аракет кылган деп Кыргызстандын соту да 25 жылга эркинен ажыраткан. Шон Дейли компенсация өндүрүү талабы менен сотко кайрылган.

Англиялык ишкер Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин үстүнөн сотко кайрылганын The Daily Mail басылмасы билдирди.

Аталган бизнесмен 2006-жылы Кыргызстандагы англиялык алтын казган Oxus Gold компаниясында иштеп келген. Филармониянын жанындагы ресторандын биринен чыгып келе жатканда ок жеген.

Басылманын маалыматы боюнча кол салуудан бир күн мурун ал Жер-Үй алтын кенин иштетүү үчүн укук алууга аракет кылган атаандаш компанияга каршы соттук ишти утуп алган. Сотто жеңилип калган компания Максим Бакиев менен жең ичинен сүйлөшүп алганы айтылып келет.

«Кол салуудан кийин Бакиев менен сүйлөшкөн компания лицензияга ээ болгон», — деп жазат басылма.

Британиялык ишкер өз мекенинде дарыланып, бирок ок тийген боору аягына чейин айыккан эмес. Шон Дейли кол салууга Бакиевдин катыштыгы бар экенинен күмөн санабайт. Басылма бизнесмен компенсация өндүрүү үчүн сотко кайрылып жатканын белгилейт.

Ал эми Кыргызстанда Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2014-жылы мурунку президент Курманбек Бакиев менен анын үй-бүлө мүчөлөрүн — Жаныбек Бакиев, уулдары Марат жана Максим Бакиевди кен казуучу Oxus Gold компаниясынын өкүлү, АКШ жараны Шон Дейлини өлтүрүүгө аракет кылган деп айып койгон. Мындан улам мурунку өлкө башчы 25 жылга кесилсе, Улуттук коопсуздук кызматынын ошол кездеги жетекчиси Жаныш Бакиев менен Максим Бакиев мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал эми УКК төрагасынын ошол кездеги орун басары Марат Бакиев 20 жылга кесилген.

Булак: Sputnik

Аргумент.kg
Жооп калтыруу