Максим Бакиевдин жерине салынган Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы “хансарайынын” таржымалы

2016-жылы Кой-Таштагы 2,7 гектар жер тилкесине ошол убактагы президент Алмазбек Атамбаевдин “хансарай” куруп атканы маалымат каражаттарында катуу талкууга түшкөн эле. Аны айрым депутаттар, саясатчылар да көтөрүп чыгышкан. Ал эми ошол убактагы президенттин жан-жөкөрлөрү “Атамбаев мыйзамдуу акчасына сатып алган эле жерге үй курууда” деп актоого аракет жасашкан. Бирок, бир чети булайып чыгып калган кыңыр иштин калганы деле улам тереңделип казыла берээри калетсиз эмеспи. Анын сыңары, акырындык менен экс-президенттин бул үйү курулган жер тилкесинин таржымалы кеңири ачыла баштады. Албетте, азырынча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан бул маселеге көңүл бурган эч ким жок. Мезгили келгенде тийиштүү органдар бул окуяга юридикалык баа берип калгысы бардыр. Ага чейин талаштуу жердин таржымалы тууралуу кеп кылып туралы.

Бул жер тилкеси негизи “Дастан” Трансулуттук корпорациясы ААКсынын балансында болуп келген. Анан ал 2001-жылдын 22-сентябрындагы өкмөттүн токтомуна ылайык, 2001-2003-жылдарга карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчиктерди менчиктештирүү программасы менен 2002-жылы менчиктештирүү планына киргизилген.

Анан мына ушул профилакториянын аягына чыкпай калган объектилерин сатуу боюнча инвестициялык конкурс өткөрүлүп, 2002-жылдын 5-ноябрында конкурстун жыйынтыгы менен жеңүүчү катары “Дастан” Трансулуттук корпорациясы ААКсы табылган. Аталган компания ал бүтпөй калган объектилер жайгашкан жер тилкеси үчүн 514 миң 881 сом сунуштаган.

Ошондон көп өтпөй эле, 2002-жылдын 9-декабрында Мамлекеттик мүлк комитетинин Чүй-Бишкек-Талас башкармалыгы менен “Дастандын” ортосунда бул бүтпөй калган курулушту (жатакана, чарба корпусу, котельный, 3 бакча үйлөрү, сере, септик жана башка) сатуу-сатып алуу келишими түзүлгөн. Ал эми 2006-жылдын 11-октябрында Маммүлк комитетинин Чүй-Бишкек-Талас башкармалыгы менен “Дастандын” ортосунда жогорудагы келишимге өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү боюнча кошумча келишим түзүлгөн. Ага ылайык, бүтпөй калган курулуш жайгашкан 2,7 гектар жер тилкеси “Дастан” трансулуттук корпорациясына 2 млн 66 миң 650 сомго сатылган.

Андан ары менчиктештирүү боюнча мыйзамды бузуу жана инвестициялык конкурстун шарттарын аткарбоо менен 2008-жылдын 24-декабрында “Дастан” корпорациясы 2,7 гектар жери менен бүтпөй калган курулуш комплексин 26 млн 404 миң 700 сомго “АртСтройДизайн” ЖЧКсына сатышкан. Бул акыркы айтылган компания Максим Бакиевге тиешелүү болгон. Бирок, Максим Бакиевдин компаниясы убада кылган акчаны төлөп беришкен эмес.

Апрель окуясынан кийинки бурулуш

Ошентип ал жер тилкесинин тагдыры талаш боюнча турганда 2010-жылы апрель революциясы болуп кетет. Ошол убактагы бийликтин жүргүзгөн саясаты боюнча Бакиевдерге тиешелүү бардык мүлктөр улутташтырылышы керек болчу. Бирок, эмнегедир мына ушул 2,7 гектар жер тилкеси бүтпөй калган курулушу менен улутташтырылбай калган. Болгону 2010-жылдын 20-майында “Дастан” корпорациясы менен “АртСтройДизайндын” ортосундагы жогоруда айтылган келишим жокко чыгарылган, буга себеп убада кылынган акча каражатынын төлөнбөгөнү болгон.

Анан андан ары дагы бул жер улам колдон колго өтүүсүн уланткан. 2012-жылдын 11-апрелинде “Дастан” корпорациясы сатуу-сатып алуу келишими менен жогорудагы айтылган объектини 2,4 гектар жери менен А. Укуев аттуу (А. Ибраимовдун досу) жаранга 22 млн 537 миң 900 сомго саткан. Ошол жылдары (2011-2012-жылдары) А. Ибраимов “Дастан” Трансулуттук корпорациясы АКнын башкармалыгынын төрагасы болуп турган. Ошондой эле 2015-жылдын 4-апрелинде А. Укуев дагы 0,30 га жерди К. Табалдиевден 2 млн 333 миң сомго сатып алган.

Анан 2015-жылдын 19-мартында А. Укуев ошол 2,4 га жер тилкесин 24 млн сомго жана ага кошуп 0,30 га жер тилкесин 2,5 млн сомго А. Ибраимовдун жубайына сатат. Андан эки ай өтүп-өтпөй 2015-жылдын 8-майында А. Ибраимова бул жер тилкесин курулуп бүтөлек объектилери менен бирге А. Атамбаевге 33 миллион сомго саткан болот. Анан ошол эле жылы 12-майда Аламүдүн райондук мамлекеттик каттоо кызматынан бул жер тилкесине Алмазбек Атамбаев ээлик кылат деген мамлекеттик акт берилет.

Эми эң негизги кеп…

Макаланын башында биз кеп кылган инвестициялык конкурстун шарттары боюнча “Дастан” Трансулуттук корпорация АКсы 2002-2005-жылдары менчиктештирилген объектке 30 миң доллар суммасында инвестиция тартууга, 24 жумушчу орунун түзүүгө, 4 жылуулук берилген үй курууга, суу менен камсыз кылууга, канализациялык система жана электр менен камсыздоого милдеттендирилген. Ошондой эле 2,7 га жер тилкеси да максаттуу пайдаланылышы керек эле. Бирок, бул милдеттер “Дастан” корпорациясы тарабынан аткарылган эмес. Тескерисинче, мыйзамсыз түрдө ал А. Укуевге сатылып кеткен.

2002-жылы түзүлгөн келишимге ылайык (биринчи келишим), бул милдеттенмелер аткарылбагандан кийин курулушу аяктабай калган профилактория кайра мамлекетке эч кандай соту жок эле кайтарылып алынышы керек болчу. Бирок, андай аракет таптакыр жасалган эмес.

Эгерде Алмазбек Атамбаев бардыгы ачык-айкын, таза болушун каалаганда мына ушундай ызы-чуусу көп жерге үй салуудан өтө оолак болот эле. Кыязы, аны убагында Албек Ибраимов Бишкек шаарынын мэрлик кызматына келиш үчүн белек кылган деген кептин чындыгы бар сыяктуу болуп турат.

Болбосо, Аскар Акаевдин маалында башталып, андан кийин Курманбек Бакиевдин маалында уланган ызы-чуулу жерге экс-президент үй курууга киришет беле? Ошол эле жерди убагында Максим Бакиев басып алганын да ал билиши керек эле. Эгерде биз чындыкты туу тутабыз десек, анда бул талаш жердин таржымалын дагы бир тиешелүү органдар иликтөөгө алышы керек деген ойдобуз. Мындай шартта Алмазбек Атамбаевдин “хансарайы” соттун чечимисиз эле мамлекетке кайтарылышы керек эмеспи?

Булак: http://telegra.ph/Maksim-Bakievdin-zherine-salyngan-Almazbek-Atambaevdin-Koj-Tashtagy-hansarajynyn-tarzhymaly-03-28

Аргумент.kg
Жооп калтыруу