«Максат Чолпонду таштап кеткенби?»-деген көпчүлүктүн суроосуна Чолпон жооп берди

Нон-Стоп дуэти эки жака бөлунүп кеткенден бери, Максат менен Чолпонду түгөй катары көрүп жүргөн күйөрмандарын бир топ бушайман кылды. Чолпонду таштап кеттиби?-деген суроолор, билдирүүлөр күн сайын берилгендиктен, Чолпон Талипбек буга жооп берүүнү чечти.

Ырчы: «Ким-кимди таштап кетти? Эмне үчүн бирге эмессиңер?-деген суроолордон улам бул тууралуу жооп жазышка туура келди.

«Максат экөөбүздүн ортобузда буга чейин бир дагы сүйүү, сезимдер сыяктуу нерселер байланыштырган эмес. Экөөбүз бири-бирибизди эч качан кыз-жигит катары көргөн эмеспиз. Болгону сахнада түгөй болчубуз, ал эми сахна артында ар ким өз жашоосу менен жашайт. Бул туурасында мурда эле айтканбыз. Максат менин оюмдагыдай(сүйүү маселесинде) жигит эмес, ал эми Макстын дагы өз идеалы бар. Жашоодо өзгөртүүлөрдү киргизип туруш керек. Биз ушундай чечим кабыл алдык. Урматтуу күйөрмандар, биздин чечимибизди сыйлап, мындан ары бул теманы жабалы деп суранат элем»-деди Чолпон.

Булак:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу