Максат Чегирткеев, Апрель Баатыры: “Атамбаев мага бир тыйын жардам бербей, Фарид акчаны алып койгон”

Апрель окуясынын баатыры «Айкөл Ала-Тоо Жаштар» коомдук бирикмесинин мүчөсү, учурда 3 баланын атасы Максат Чегирткеев менен кандуу каргашалуу апрель окуясы тууралуу баарлаштык.

—Алгач, өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз?

—Мен Максат Чегирткеев 1990-жылы Ысык-Көл областынын Түп районун Түп айылында туулгам. Үй-бүлөлүүмүн.

—Апрель окуясына барганыңыздын себебин айтып бересизби?

—Адилеттүү бийликти орнотуу үчүн баргам. Мен 19:30 чамасында ашказан жагыма ок тийди. Окту алыш үчүн 6 сааттык операция кылынган. Ооруканада салмагым 27 кг чейин түшүп кеткен. 3 жылдын ичинде 5-6 жолу операция жасашты. 2012-жылы Кытайга даарыланганы жөнөтүлгөм. Ал жакта 7 ай жүрдүм. Азыркы учурда 6 айда бир көрүнүп турушум керек. Шартка байланыштуу толук көрүнө албай келем.

—Бийликти алмаштырганыңыздарга өкүнбөйсүздөрбү?

—Андан бери канча жылдар өтсө да, бийлик өзгөргөнү менен адамдар өзгөрө элек. Эл үчүн эмес, өз жанын ойлоп, бийлик үчүн жүргөн адамдар көп.

—Учурда ошол бийликте турган кайсы саясатчылар менен байланышта турасыз, алар сизге акчалай жардам береби?

—Атамбаев тарабынан да жардам көрсөтүлгөн эмес, акчалай да жардам берилбеген. Эч кимиси менен байланышпайм. Ошол бийликте турган кеңешчиси Фарид Ниязов кызмат абалынан кыянаттык кылып, даарыланууга деген  акчаны майып баладан алып койгон. Мен бул окуядан кийин моралдык жактан да жабыркадым.

—Апрель окуясына катышканыңызга өкүнбөйсүзбү?

—Бул менин жашоомдогу тагдыр Кудайдын жазганы, мага сыноо деп билем. Өкүнбөймүн.

Нуриза Молдошова, NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу