Максат Жээналиев Макмалга келген кытайлардын акчасын жээп салганбы?

 

Тогуз-Тородогу алтын ылгоочу фабриканы жергиликтүү эл эмес, «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясы өзү өрттөгөнүн жергиликтүү тургундар айтууда. Тогуз-Торо районунун, Атай айылдык кеңешинин төрагасы Улан Шериповдун айтымында, «Фабриканы эл өрттөгөн жок. Аны өздөрү, Максат Жээналиевдер өрттөдү. Себеби Кытайлардан жеп алган акчасынан кутулуш керек да. Буга чейин фабриканы мыйзамсыз куруп, акча берип бүтүрүп алабыз деп ойлошкон. Эл менен эсептешкен эмес. Булардын чоң катасы ушул. А азыр мыйзам өзгөрүп, бийликке эл үчүн күйгөндөр келип жатат. Менин жеке оюмда булардын кызыкчылыгы комиссия баргандан кийин, фабрика күйбөсө деле токтомок. А токтоп калса, кытайлык инвесторго кайра кеткен каражатты төлөп бериш керек да… Ошондой жоопкерчиликтен качып жасалган нерсе болду. Болбосо карапайым элдин аласа-бересеси жок. Бир гана комбинат жок эле жашайбыз деген ою болгон»

Тогуз-Тородо алтын ылгоочу комбинатты куруу үчүн Максат Жээналиев элге түшүндүрүү иштерин жасабаган, экология боюнча уруксаты жок. Бирок Кытайдан келген инвесторлор менен биригип бул комбинатты кура берген. Максат Жээналиев бир кезде айткандай чалгындоо иштерине гана 5 млн доллар, ал эми реконструкциялоого 30-50 млн доллар керек дептир. Максат Жээналиевдин күнөөсү канча пайыз. Тогуз-Торо элин жумушсуз калтырбоо үчүн гана курам деп жатабы же алтын ылгоочу комбинатты курам деп 10 млн доллар алып 3 млнун жеп койгону чындыкпы? Болбосо жалгыз Жээналиевдин капчыгы үчүн курула турган бул жерде кен болбосо, мурунку кенден калган калдыктарды кайра иштете турган болсо, кантип химиялык заттар кошулбасын. Химикат кошуп иштетип, канчалаган майып балдар төрөлүп жатат?

«Биз мындай жооп беребиз. Карапайым эл кеткен каражатты эч убакта төлөбөйт. Мыйзам бузуп жаткан «Жи Эл Макмал Девелопминг» компаниясы, Жээналиев өзү төлөсүн. Эл эмнеге төлөшү керек?! Максат Жээналиев эмне үчүн мыйзам бузуп келип жатат? Кыргыз мамлекетинин мыйзамын сыйлабай жатат. Тогуз-Торо калкын эле эмес, инвесторун да сыйлабай жатат. Инвесторду алдап келген. Ошондуктан инвесторду «мен крышовайт этем» деп алып келген киши өзү төлөсүн! Биз ошону талап кылабыз,-деди Улан Шерипов айылдык кеңештин төрагасы

Аргумент.kg
Жооп калтыруу