Максат Довранов: «Сайкал экөөбүз бири-бирибизди кыйнабайлы деп ажыраштык…»

Ырчы Сайкал жана анын жолдошу Максат Довранов буга чейин ажырашкан же ажырашпагандыгын сыр катып келишкен эле. Ал эми алып баруучу Максат ММКнын бирине берген маегинде, “Сайкал экөөбүз ажыраштык. Эки бөлөк кетүү экөөбүздүн чечим болгону менен, экөөбүз тең жаман болдук. Ажырашуу чыгармачыл инсандардын ишине терс таасирин тийгизиши, кыз кишиге карата сөздөр айтылышы мүмкүн. Сайкалдын чыгармачылыгы токтобойт, дагы да өсөт деп ойлойм. Анын ойлору, максаттары башкача, ошонун баарынын орундалышын каалайм”-деп билдирди. Бир нече күн мурда биздин http://argument.kg  редакциясы ырчы Сайкалга байланышканда, «Мен тууралуу түрдүү аккаунттар өздөрү каалаган жалган маалыматтарды таратып, «Жолдошум менен жараштым»-деген сындуу  сөздөрдү жазып  жатыптыр, бул калп …Жакынкы арада мен сиздер менен өзүмдүн жаңылыгымды бөлүшөм… » -деп айткан жери бар.  Ырчы Сайкал жолдошу Максаттын берген маегине кандайча жооп берет, мунун канчалык чындыгы бар? Баарына кызык болуп турса керек… Убакыттын өтүшү менен баары ачыкталат деген ойдобуз.

БУЛАК:http://argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу