Максат Доврановго чыгармачыл топ сюрприз жасашты…

Кечээ жакында 11-февралда Талас шаарында ырчы Нурлан Насип менен ырчы Самара Каримованын концерти өткөрүлүп, ага журналист Максат Довранов алып баруучу болду.

Концерт аяктаганда түнкү саат 12де журналист Максат Доврановдун туулган күнүн куттуктаган ырчылар, достору ага сюрприз жасашты. 12-февралда Максат Довранов 31 жашка чыкты. Ошол түнү эле Ош шаарына жол тартышкан ырчылар түнү бою ырдап, Максат мырзанын көңүлүн көтөрүп, жол карата туулган күн өткөрүп келишкен экен.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу