Максат Давранов: “Азыр мага өтө оор. Эгер сен менин тагдырым болсоң, демек дагы жолугабыз…”

Максат Давранов  социялдык тармактардагы жеке баракчаларынын бирине: “Сени көрдүм. Баягы эле өзүң… Күлгөндө сулуусуң, назиксиң, бирок бир чоң өзгөрүү бар. Ал нерсени көрүү мага өтө оор. Бирок сага жарашып турат… Эгер сен менин тагдырым болсоң, демек дагы жолугабыз” деп пост жазды.

Жогорудагы сөздөрдү айрым интернет колдонуучулар “Максат мурдагысүйнөнүн эстеп жазыптыр” деп божомолдошууда. Ал эми Максат Давранов журналисттерге кайрылуу жасап, бул маалымат чындыкка дал келбесин ырастады.

Коомчулук жакшы билгендей кечээ жакында эле КР эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова жана анын кызы Сайкал Садыбакасова удаа келген туулган күндөрүн белгилешкен. Максат Давранов интернет баракчасына Г.Садыбакасованы  куттуктап жазган. Ал эми ырчы Сайкал Садыбакасованы куттуктабаганы интернет колдонуучуларынын арасында талкуу жараткан.

Эске салсак ,Ырчы Сайкал Садыбакасова менен журналист Максат Давранов былтыр баш кошуп, кайра быйыл ажырашып кетишкен эле.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу