Максаттын жүрөгүн багындырган сулуу Чолпон эмес!

«Максат менен Чолпондун ортосунда сүйүү мамилеси бар»,- деген күйөрмандардын оюу ишке ашпай калды. Анткени бүгүн Максат өзүнүн сүйүктүүсүн ачыкка чыгарып, ал бийкечти сүйөөрүн жар салды.

Чындап эле көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган мырзанын жүрөгүнөн орун алган айым ким деп турсаныз, ал модель, визажист Айсулуу Молдалиева. Бул эки жаштын сүйлөшүп баштаганына көп убакыт болгон. Ушул күнгө чейин мамилелерин жашырып келишкен экен. Убакыт сааты келген көрүнөт. Экөө үй-бүлөлүк фотосессиясын жасатышып эл алдына чыга келишти.

 

«Нон Стоптун» күйөрмандары эми «Чолпондун сүйүктүүсү ким болду экен»,- деп жооп таппай турган учурлары. Ал учурда алыс эмес чыгаар. Жакынкы арада  буга да жооп табылат.

Ал эми Максат менен Айсулууга чексиз бакыт гана каалайбыз.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу