Эрежесиз мушкер Конор Макгрегор менен Хабиб Нурмагамедов кезектеги мушташынын алкагында салмактарын ченетишти.
Эки мушкер тең тийиштүү салмак ченемди тапшырган соң, UFC өз сайтында Хабиб – Конор мушташы эми эч тоскоолдуксуз өтөрүн маалымдады.
Салмактан өтүү маалында ирландиялык мушкер 70,08 кг, ал эми дагестандык спортчу 70,3 кг салмакты көрсөттү.
Булак: Азаттык