Макарон айымдардын жүрөгүнө зыян

Милан окумуштуулары макарон азыктарын пайдалануу айымдарда жүрөк-кан тамыр ооруларынын өсүү коркунучу жогорулай турганын аныкташты. Тажрыйбанын алкагында адистер 47 миң эркек менен аялдын диеталарынын өзгөчөлүктөрүн салыштырып көрүштү. Изилдөөчүлөрдө алардын медициналык карталарындагы маалымат дагы болгон.

Натыйжада макарон азыктарын колдонуп жүргөн аялдар ушундай азыкты пайдаланган эркектерге караганда жүрөк ооруларынан эки эсе көп жабыркашары аныкталган. Адистердин пикири боюнча, макарон азыктары организмде аш болуп үлгүрбөйт. Ошентип, кандагы канттын көлөмүн жогорулатууга алып келет.

Аялдын организминде эстрогендин аракети менен кандагы глюкоза дэңгээлинин көтөрүлүү процесси активдүү болот. Ошондуктан, макарон азыктарын көп колдонуу айымдардын ден соолугуна зыян.

Булак: «chabarman.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу