Майыптыгына карабай өзүн куурчактай алып жүргөн Жасмин…

Жасмин Бритни аттуу Финляндиялык кыз майып экендигине карабай, өзүн сүйүп, сулуулугу үчүн жылына миңдеген доллар каражат кетирет. Анын максаты —  өзү кичинекейинен сүйүп ойногон барби куурчагындай сулуу болуу.

Бул үчүн Жасмин косметологдордун түрдүү кызматын колдонуп (беттеги бырыштарына ботокс жасатып, чачын өстүрүп, эриндерин шишиткен), кымбат баалуу косметикалык каражаттарды сатып алып турат.

«9 жашымда авто кырсыкка кабылгам. 17 жылдан бери колумду дагы, бутумду дагы кыймылдата албайм. Жада калса өз алдымча тамак жей албайм. Бирок, мен чөгүп кеткен жокмун. Тескерисинче, мен сыяктуу мүмкүнчүлүгү чектелгендерге стимул бергим келет. Адам кандай кырдаал болбосун бактылуу болуп, ырахаттанып жашаганга укуктуу.

Андыктан, мен өзүмдү куурчактай алып жүрүү менен ырахаттанып жашайм. Таң аткандан баштап, алгач, жүзүмө макияж жасатам, андан соң макияжга жараша кийим тандайм. Бутум баспаса да гардеробумда туфлинин түрлөрү көп. Кийимдеримдин дээрлик баары ачык түстө», — деген пикирин калтырган Жасмин дизайнер болгусу келгенин кошумчалаган.

Булак: Гезит.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу