Майрамбек Осмонов, ырчы: «Ушуну өчүрүп эле койгулачы дегенден көрө үнүн чоңойтуп койгулачы дегендей чыгарманын автору болууга эмне жетсин…»

Кыргыз эли таланттарга  бай. Болгондо да таланттуу инсандар ар тараптан таланттуу келишет. Каарманым кыргыз элинин сыймыгы, мыкты обончу, ырчы, аткаруучу, пародист Майрамбек Осмонов жогоруда кеп кылган көп кырдуу таланттардын катарын толуктайт. Кандай гана чыгарма жаратпасын сөзсүз элдин сүйгөн чыгармасына айланып келет. — Майрамбек мырза, өнөр жолунда алгач атты (ысым) жасоого күжүрмөн эмгек кылсаң, кийин ошол ысым сага эмгек кылат дейт го. Атыңызды жасоого канча эмгек кылдыңыз жана азыр үзүрүн  көрүүдөсүзбү? -Биринчиден бизге кеңул буруп, ушул адамдын чыгармачылыгына саресеп салып, акыбалын сурап коелу деп байланышканыңыздарга жалпы жамаатка терең ыраазычылыгымды билдирем. Атымды чыгарыш керек эле, анан атым мага кызмат кылат бекен деген ой такыр болгон эмес. Бул көкүрөктөгү кайнап турган өнөрдү элге тартуулоо гана максат болгон. Ким чакырса, кайсы жерге барып ырдасаң ошого кубанып, ырахат алып жүргөн бир мезгил болот. Дал ушундай сезим менин чыгармачылык  жолумда 15 жаштан 31 жашка чейин созулду. Улам көкүрөктөгү нерсе чыга берди, жакшыбы-жаманбы обон кылып жазып радиолорго алып барып бере бердим, эл да талдап-тандап угуп баасын берди. Эл деген эл, түрдүү баа берип жатышты. Гүлдү тиге койсоң жазында бат эле гүлдөй калат эмеспи, Майрамбек деген ат гүлдөй болуп тез эле өсүп кеткен жок. Көптөгөн күжүрмөн аракети  талап кылды. Канчалаган тоскоолдуктан өттүк дегендей. Азыр ойлоп көрсөм билинбеген менен нечен эле көрө албастыктар болуптур. “Майрамбек ичип кетти, бөтөлкөнүн түбүнө түшүп кетти” деген сөздөр жүрдү. Андай нерсе менин жашоомдо болгон эмес. Негизи эле чыгармачылыкта өнөр адамын кара пиар көп ээрчийт. Ошонун баарынан суурулуп чыгуу өтө кыйын. Бир кап күрүчтүн ичинен таза күрүч болуп чыгыш өтө кыйын. Кудай кут кылсын, ошентсе да Майрамбек деген ат мага кызмат кылып жатат. Тынымсыз жакшылыктарга чакыруулар, элдин урмат-сыйы дегендей. Кээ бирине жетишип барсак, кээ бирине жетишпей да калган учурлар болот. Физикалык жактан жетише албай калганда кыжаалат болобуз. Кудайга шүгүр, баланча кычкачка баланча сом кетти деп баланчасын жеп алып, тиги дарак түкүнчө сом экен деп алдап жеп, арам тамак менен бала-чакабызды баккан жокпуз. Кызыгы, мен ушунча чыгармачылык жолумда баланча формага түкүнчө акча керек экен деп өзүмдү таптакыр сулуулаган эмесмин. Ошол эле аккордеон менен обон чыгарып, колго тийген кийим менен эле элдин алдында жакшынакай кызмат кылып келе жатабыз. — Күйөрмандарды оболу чыгармачыл инсандын чыгармачылыгы кызыктырабы же жеке жашоосубу? — Негизи ар бир адамга биринчи чыгармачылыгы кызыктырат. “Баланча деген ырчы чыгыптыр, чыгармасы мындай экен, кана-кана” — деп суктанып көрөт. Чыгармачылыгына биринчи байланат, анан угарманы болуп шайланат. Барып- барып ары жагынан, бери жагынан карап тамшанып айланат. Ошентип жүрүп бир күнү ал адамдын көйгөйү же турмушта аксаган-тексеген көрүнүштөрү болгондо анын турмушуна кызыга баштайт. Адам деген көйгөйлүү жаралган кургур экенбизда. Анын үстүнө биз ушакка жакын элбиз да, баланчанын тигиниси мындай экен, мунусу андай экен деп талкууга ала башташат. Негизи чыгармачыл инсандар жеке жашоосун элге жарыялабай эле коюшса. Анын жеке турмушунун бизге эмне кереги бар деген адам жок бизде, баары бир кызыга беришет. — Ошентип эл дайыма карай берсе, ар кадамыңыздар элдин көзүндө болсо, мындай турмуштан да тажап кетпейсиздерби? — Туура, ар бир чыгармачыл адам элдин көз алдында жүрөт. Ал дайыма сыланып-сыйпанып, жакшы кийинип жүрүшү керек. Сырткы ке- бетесине карап мамиле кылышат көбүнчө. Эптеп-септеп кийинип алсаң “Көрдүк байкушту, эптеп-септеп кийинген, бизден да жүдөгөн эле неме экен”, — деп концертиңе келбей да коюшу мүмкүн. Бирок ошого карабай эч качан өзүмдү жасалмалап, мүнөзүмдү өзгөрткөн эмесмин. Албетте жакшыраак кийингенге аракет кылам. Бул жеке эле чыгармачыл адамдарга эмес, бүткүл адамзаттын парзы. Сиз айткандай кээде чынында эле чарчайсың. Өзгөчө кызып калган адамдар бар го, кечеден кармап алып аялын өпкүлөгөндөй эле кучактап өпкүлөп коё беришпейт. Ошо мезгилде кадимкидей жадап кетесиң.  Ал эми чыныгы күйөрмандар жөнүндө кеп башка. Кумир тутуп, балдарынын атын сенин ысымыңдан атап, ырларыңды сүйүп уккандар албетте бар. Ар бирине ыраазычылык билдирем. — Чыгармачылык менен жеке жашоону айкалыштыруу айымдарга караганда мырзаларда жеңилирээк болсо керек?  — Кооз короз болуп эле базарда кийим тандап жүргөн ырчы жигиттерге эле жеке жашоо менен чыгармачылыкты аралаштыруу жеңил болбосо, мен үчүн айкалыштыруу жеңил эмес. Себеби чыгармачылыкты да, балдардын келечегин курууну да бирдей алып кеткенге аракет кылам. Мындан сырткары кара жумуш кылып, устачылык менен алектенгенди да аябай жактырам. Буга кошумча спорт менен машыгып, футболду көп ойнойм. Тууган- туушкан менен да катышуу керек. Ушунун баарын бирдей алып кетүүгө аракет кылып келе жатабыз. Бирок тилекке каршы, күндүн да берекесин кудайым алып койгон. Бат эле таң атып, бат эле кеч кирет. Ошол тар убакытга эртең уялбай, башыңды жерге салбай турган чыгарма жаратууга негизги күчүмдү жумшайм. Ушуну өчүрүп эле койгулачы дегенден көрө, үнүн чоңойтуп койгулачы дегендей чыгарманын автору болууга эмне жетсин? — Бүгүнкү күнгө  чейинки алган наамыңыздын саны канча, дагы кандай наамдарды колго киритүүнү көздөп жатасыз? Адамдар кээде наамың барбы-жокпу деп иргеп  сүйлөп калышат. Мурда жок деп  айтчубуз. 2016-жылы “КРнын Эмгек сиңирген артисти” деген наамды алгам. Бирок жанагы татыксыздар, 2 жыл ырдап коюп сыйлыкка  чуркагандарга уят.  Гүлнара Кахарова, Шахрезада Аскарова, Кутман Жолдошевге  окшогон таланттар  документин даярдап жүрсө,  аларга көңүл  бурулса болот эле. Мен эми “Эл артисти” наамын алыш үчүн 5 жыл күтүшүм керек. Бул наамды алат элем деп зарыгып, көзүм  жанып отурбайм деле. Эл үчүн кызматты кыла беребиз. Кагаз деген уйдө эле турат экен. 3 эле күндүк кубанычы болот экен. Эң негизгиси кагаз эмес, элдин баасынан өткөн  сыйлык жок. Өтө жаш наам алгандарды туура эмес эле маанайда кабыл алам. Анткени бүгүн эңсеген нерсеге эртең жетип алган бул кызыксыз. Жалбырттап жанып, жалп этип өчүп калуусу толук ыктымал. Ошондуктан узагыраак жол жүрүп, көбүрөөк эмгек кылып анан алган нерсе өтө таттуу болот. — Мурда сахнадан куудулдук өнөрүңүздү көп көрчүбүз. Азыр деле саясий лидерлерди туурап коюп жатасызбы? — Мындан 10 жыл мурда концерттер көп болчу экен. Азыр аренда, өрнөк-жарнактар, телевидение, радиолор кымбаттаган мезгил. Мурда “Мыскыл жана тамаша” өңдөнгөн концерттер көп болчу. Азыр болсо тойго кызмат кылып калганбыз. Кээде элдин акысын жегендерди социалдык тармактар аркылуу туурап коем. Анан өтө эле бажылдатып баланча кызы болгум келбейт “Турагой, турагой” деп. Жашоо керек болсо өзү эле турат, аны тургузуштун кереги жок.  Концерттеримди жылына бир жолу берип жатам. Эл менен байланышым жакшы эле кудай кут кылсын. Нуркыз Рыскул кызы  БУЛАК:фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу