Майлуу тамактар мээге кандай таасир берет?

Германиянын окумуштуулары майлуу тамак-аштардын (фастфуд, хотдог, гамбургер, чизбургер ж.б.) адам ден-соолугуна канчалык таасир берерин изилдешти. Бул тамактар ашказан ооруларына, кант диабетине, ашыкча салмакка ж.б. түрдүү ооруларга алып барат, аны менен кошо мээге да зыян тийгизери аныкталды.

Изилдөөгө алынган кадимки чычкандарга 3 күн бою майлуу тамактар берилди. Андан кийин алардын мээсин текшергенде глюкозанын өлчөмү өтө аз экендиги аныкталды. Мээси абдан алсырап, глюкоза жетишпеген чычкандар буйруктарды араң аткарып, эске сактоо жөндөмү төмөндөгөн. Ушундайча, фастфуд, гамбургерлердин зыяндуулугу далилденди. Ал аз келгенсип ар дайым ага кошумча кола, энергетикалык суусундуктарды ичебиз…

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу