Мажбурлоо жолу менен сойку болуп иштеген Батма: “ЭКИ АЙ МЕНИ БӨЛМӨДӨН ЧЫГАРБАЙ КАМАП СОЙКУЛУККА ИШТЕТИШТИ…”

Эркек менен аялдын үй-бүлөгө болгон жоопкерчиликсиз мамилеси баланын келечегине балта чабат. Буга кезектеги каарманыбыздын өмүр таржымалын мисал кылсак болчудай. Ата-эненин тарбиясы, мээрими жок өскөн Батма (каармандын аты-жөнү өзгөртүлдү) башына түшкөн оор тагдырын баяндап берди.

“АПАМ ЖУМАЛАП ИЧИП КӨЧӨ КЫДЫРЫП КЕТЧҮ ЭКЕН”

– Мен 1990-жылы Ысык-Көл облусунда жарыкка келгем. Балалыгым башка балдардай болуп ата-энемдин кашында каалагандай эркелеп жүрүп өткөн жок. Ата-эненин мээриминен куру калсам да, таятамдын, балдар үйүндөгү тарбиячылардын жылуу сөзүн, тарбиясын алып, мага окшоп кароосуз калган балдардын арасында чоңойдум.

Апам турмушка чыгып, бат эле ажырашып кеткен экен. Ошондо мен анын боюнда бар экенмин, көп өтпөй экинчи ирет турмушка чыгып, мен төрөлүптүрмүн. Бирок бул жолу да апамдын турмушу болбой, мен 1,5 жашка чыкканда өгөй атам менен ажырашып кетиптир. Апам жумалап, айлап спирт ичимдиктерин ичип көчө кыдырып кетчү экен. Акыры өгөй атам аны кетирип жибериптир.

“ТАЯТАМ ЧОҢОЙТТУ”

– Менин бир колум толук өспөй калган, тубаса 2-топтогу майыпмын. Апам 2-күйөөсү менен ажырашкан соң мени таятама таштап кетет. Таенем эрте эле өтүп кеткен. Таежем оорудан улам каза болуптур, таякем үй-бүлөсү менен Орусияда. Өгөй атам таятамдыкына келип абалымды сурап турчу, бирок ал да каза болуп калган. Мага кичинекейимден тарбия берип чоңойткон таятам болду. 5 жашка чыкканымда таятамдын жүрөгү ооруп, көзү да жакшы көрбөй калган. Дарылануу үчүн ооруканага жатышы керек болду, карай турган киши жок болгондуктан айла жок мени балдар үйүнө өткөрдү.

“КОЛУМДАН УЯЛАТ ЭЛЕМ, 10 ЖАШЫМДА ГАНА 1-КЛАССКА БАРДЫМ”

– Балдар үйүндө жакшы кабыл алышты. Ал жакка баргандан кийин 6 жашымда мектепке алдын ала даярдоочу класска кирдим. Бирок таятамды, үйдү сагынып балдар үйүнөн качып кеттим. Жолдон өтүп жаткан машиналарды токтотуп “менин атам Кызыл-Сууда жашайт, ошол жакка жеткирип койгулачы, адашып кеттим” деп сурандым. Үйгө келсем эшик бек, көрсө, таятам дагы деле ооруканада экен. Ачкыч кайда турарын билчү элем, ачып алдым. Таятамдын досу өтүп баратып үйдүн ачык турганын көрүп калыптыр, мени көрүп ээрчитип алып таятама алып барды эле, ал жактан милиция чакыртып кайра балдар үйүнө алып келишти.

Бирок мектепке баргым келген жок. Колумдан уялат элем, 10 жашымда гана 1-класска бардым. Мектептеги окуудан сырткары балдар үйүндө компьютер, тигүүчү, саймачылыкка үйрөткөн жана сүрөт ийримдери бар болчу. Мага «каалаган ийримиңе бар» дешти, тикмечиликти тандадым. Бир колдоп сайма сайганды, токуганды, тиккенди үйрөнө баштадым. Башында оор болчу, бара-бара колум көнүп, түрдүү сайма сайып, кече көйнөктөрүн тиккенге чейин үйрөнүп алдым.

“АПАМ ДАГЫ ТУРМУШКА ЧЫГЫП, КЫЗДУУ БОЛУП, АНЫ ДА ТАШТАП КЕТИПТИР”

– 9-классты бүткөндөн кийин Караколдогу кесиптик лицейлердин биринен ашпозчулукка окуп баштадым. Окуп жатсам бир күнү балдар үйүнүн директору Жеңишгүл Карыбековна “Сенин сиңдиң бар экен. Мага келип сүйлөшүп кет” деп чалды. Бардым, көрсө, апам кийин дагы турмушка чыгып, кыздуу болуп, аны да таштап кетиптир. Аты Салтанат экен, 1996-жылы төрөлүптүр. Ал “эже, сиздин бар экениңизди апамдан уккам. Таанышкым келчү” дейт. Апам аны да таштап кеткенде базардан коробка чогултуп тамак таап жечү экен. Ошентип жүргөндө Түп районунун акимчилигинин кызматкерлери аны “Мээрим булагы” балдар үйүнө өткөрүшүптүр. Салтанаттын жанында бир аз туруп окууга кеттим. Жеңишгүл Карыбековна мага “кайра бизге келип, 11-классты аякта. Сиңдиңди да жаныңа алып аласың” деди. Лицейден чыгып келдим да, сиңдим менен чогуу балдар үйүндө туруп калдык. Салтанат мектепти бүткөндөн кийин Бишкекке келип кесиптик лицейлердин биринде окуду. “Москвага кетем” деп жаткан, учурда байланышыбыз үзүлүп калды, кеткен окшойт.

“ЭКИ ИРЕТ ТУРМУШ КУРДУМ, БИРОК САКТАЙ АЛГАН ЖОКМУН”

– 11-классты бүткөндөн кийин Караколдогу тикмечилерди окутуучу окуу жайга кирдим. Окуп жүрүп бир жигит менен таанышып, ал эртеси күнү эле ала качып кетти. Ал да мага окшоп майып болчу, бир колу чыканактан ылдый, бир буту тизеден ылдый жок, токко алдырып алган экен, протез кийип жүрчү. Бишкекте батирде турчубуз, Казакстандын Кордайынан бензин алып келип сатып иштейт элек. Кайненем “аялдай болуп үйдө отурбайсың, кайда болбосун күйөөңдү ээрчип аласың” деп уруша берет эле.
Жолдошум болсо мени дайыма жанына алып алат. Анан күнү-түнү жолдо жүрүп чарчайбыз, келип эс алып жатсам кайненем “мышыктай болуп эле уктап жатасың. Оокат кылбайсың” деп сүйлөнүп, ар кайсыны айтып басынта берди. Жолдошум да мага жаман мамиле кылат эле. Аз эле жашадык, болгону 5 ай. Акыры чыдабай ажырашып кеттим.

Убакыт өтүп кайра турмушка чыктым, тун балабыз төрөлөрү менен чарчап калды. Экинчи балам аман-эсен жарыкка келди, учурда 2,5 жашта, атасы менен турат. Жолдошум ичип мага күн көрсөтпөйт эле, тилекке каршы, бул турмушумду да сактай алган жокмун.

“МАГА ОКШОГОН ДАГЫ 10-15тей КЫЗ БАР ЭКЕН”

– Бишкекке келип тигүүчү болуп иштеп жүргөм. Быйыл Нооруз майрамында эл катары мен да майрам көрөйүн деп борбордук “Ала-Тоо” аянтына бардым. Эркиндик бульварында жүрсөм жаныма эки аял келип таанышып калышты. Аттары Айгүл анан Чолпон экен, “чоң кыз, жумуш иштейсиңби? Бир жумада бир үй алсаң болот” дешти. Мен “эл жылдап иштеп үй ала албай жүрсө, бир жумада бир үй алган эмне жумуш?” десем, “барганда көрөсүң” деп эле такси чакырып мени салып кетишти.

“Ош базарына” жакын Павлов көчөсүндөгү бир мейманканага кирдик. Колумдагы баштыгымды, андагы паспортумду алып алышты. Мени алып келген Айгүл менен Чолпон кетип калышты, мейманкананын администраторунун аты Наргиза экен. Наргиза мага “бар душка кирип чык” деди, мен чочулап “эмнеге душка киришим керек? Мен кетем” десем мени жаакка эки чапты. Күч колдонуп душка киргизип жуунтуп, боёнтуп коюшту. Мага окшогон дагы 10-15тей кыз бар экен. Кечке жуук кыздарды короого алып чыгышты, ал жакта 20дай эркек бар экен. Наргиза мени “жаңы келген кыз, аты Назик” деп тааныштырды. Мен артка качып бөлмөнүн эшигин бекитип алдым. Болбой эле сындырып кирип, бир байкени үстүмө киргизип коюшту. Ал байке жакшы экен, мага тийишкен жок, эмне болуп келип калганымды сурады. Мен абалымды айтсам, “даярданып тур, 1-2 күндө кайра келип алып кетем” деди.

“БИЗГЕ ОКШОГОН МАЙЫПТАРДЫ АЛДАП КОЛДОНО БЕРСЕ БОЛОБУ?”

– Ошентип ал байкенин жардамы менен качып чыктым, “Ош базары” тарапка барып аялдамада турсам администратор кармап калды. Ошол бойдон 2 ай мени бөлмөдөн чыгарбай кайтарып сойкулукка иштетишти. Чыдабай калдым, администраторго “мени ушундай майып колум менен иштетип кантип бетиңер чыдап жатат?! Мен арызданчу жердин баарына барам, силерди каматам! Акчамды бергиле, мен кетем, дарыланышым керек” дедим. “Сенин колуңдан эч нерсе келбейт. Сөзүңдү эч ким укпайт” деп тоготпой койду.

Эки айдан кийин качып чыгып, Биринчи Май РИИБине барып арыз жаздым. Милиция кызматкерлери менен баягы мейманканага барсак, ал жакта иштегендер алмашып кетиптир, таппай калдык. Паспортумду Биринчи Май РИИБинин нөөмөттө турган кызматкерине таштап кетиптир, ким таштаганы белгисиз. Жума сайын барып жатам, Наргиза ал жумуштан кетип калыптыр. Паспортумду го алдым, иштеген акымды ким берет? Бизге окшогон майыптарды алдап колдоно берсе болобу? Кандай чара көрөрүмдү билбейм…

“ЭМГЕКЧИЛ, ЭЧ КИМГЕ ЖАМАНДЫГЫ ЖОК КЫЗ”

Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу балдар үйүнүн директору Жеңишгүл Ниязова менен байланышып, Батманын балдар үйүндө өткөн балалыгы тууралуу билдик:

– Батма бизге 5 жашында келген. Өзү эмгекчил, колунан баары келген, эч кимге жамандыгы жок кыз. Мектепте да жакшы окуду, зээндүү, бир нерсени бат үйрөнүп алат эле. Бизде тарбияланып жүрүп тикмечиликти, сайма сайганды, дегеле кол өнөрчүлүктүн көп түрүн өздөштүргөн. Мектепти бүткөндөн кийин кесиптик окуу жайга тапшыртып, жумуш таап бергем. Кийин турмушка чыгып, жакшынакай уулдуу болду. Толук кандуу үй-бүлө күткөндөн кийин жолдошу экөө неберемди көтөрүп алып мени менен учурашып кетишкен. Майрам сайын “Апа, майрамыңыз менен!” деп куттуктап турат. Жазга жакын келип учурашып кеткен. Ажырашканын уккан эмесмин.

 

 

Батманын арызы боюнча милиция кандай иш алып барып жатат?- деген суроого жооп алуу максатында Бишкек ШИИББинин маалымат катчысы Адыл Оморовго байланышканыбызда ал «тактап берем» деген боюнча 2 күн бою телефонун албай койду. Каарманыбыз менен чогуу Биринчи Май РИИБине бардык. Батма арыз жазып калтырган тергөөчү учурда жумуш боюнча башка жакта жүргөнүн айтып комментарий берүүдөн баш тартты.

БУЛАК:СУПЕР.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу