Маевский менен Атамбаевди жакындаткан орчундуу далилдер

Шайлоо алдында жалган жалаа менен камакта отурган Өмүрбек Текебаевдин соттук ишин коомчулук бир дем менен карап турат. Бирок, көпчүлүк эл өз чечимин чыгарып, бийликтин саясий атаандашын жок кылууга аракет кылып атайын уюштурулган аферасы экенин билип калышты. Алмазбек Атамбаев жаз айларында Өмүрбек Текебаевге каршы он күбө бар экенин айткан эле. Ошол он күбөнүн эң маанилүү делген алдыңкы үчөө көрсөтмөлөрүн бир нече жолу алмаштырган. Өмүрбек Чиркешович Текебаев жана Дуйшөнкул Чотоновдун сотундагы айыптоочу тараптын күбөлөрү Александр Модин жана Леонид Маевскийдин соттук иш учурундагы көрсөтмөсүнөн урунттуу учурлардан кеп кылалы. Күбөлөрдү суроо учуру келгенде биринчилерден болуп Александр Модин келди. -Александр Модин Маевскийден 300 миң доллар алып Текебаевге Талант Маматкерим уулу аттуу жаран аркылуу акча берип жибергем деп көрсөтмө берген жана сот учурунда дагы ал көрсөтмөсүн кайталады. Бирок, Модиндин досу Талант Маматкерим уулу аттуу жаран каза болуп калыптыр. Каза болуп калган жаранга бардык күнөөлөрдү кое берсе болоорун жакшы билишет, ошондуктан Модин ишенимдүү түрдө акчаны Маматкерим уулуна бергем деп айтып жатат. Талант Маматкерим уулуна Модин 300 миң доллар бергенин өзүнөн башка эч ким билбейт. Бир дагы күбө болгон эмес. Бир дагы справка, нотариус, фото, видео, регистрация ж.б. күбөлөндүрө турган документ жок!

Александр Модин көрсөтмөсүндө Өмүрбек Текебаевге акча бердим деп жаткан Маевскийди 2010-жылы май айларынын орто ченинде Текебаевдин кабинетине алып барып жолуктургам дейт. Модин «кайсыл кабинетке?- деген адвокаттардын суроосуна ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн биринчи орун басары Алмазбек Атамбаевдин кабинетине кирген жолду көрсөтүп берди.

Модин көрсөтмөсүндө Маевскийди Убактылуу Өкмөттүн БИРИНЧИ орун басарынын кабинетине алып барганын айтканына караганда Маевскийге Атамбаев жолукканбы? Себеби, Атамбаев Убактылуу Өкмөттүн учурунда мамлекеттик мүлк, экономика жагын тейлечү. Леонид Маевский менен азыркы президент Алмазбек Атамбаевди жакындаткан дагы бир эң чоң маанилүү далил ошол күбөлөр тарабынан маалым болду. Маевскийдин өзүнүн айтымында “КыргызАвтомашты” башкарып жаткан Анатолий Черных менен жакын досу жана курсташы. А Анатолий Черных болсо Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү досторунун бири. Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Искен Афиджанов күбө Александр Модинге “Атамбаев менен Маевский жолугушу мүмкүнбү?”-деген суроо узатты. Модин “Кыргызстандын аймагында эмес”-деп жооп берди.

Маевскийге “2010-жылы Текебаев кандай кызматта иштечү эле?”- деген суроого, “ал Убактылуу Өкмөттүн биринчи орун басары болчу”-деп жооп берди. А чынында Убактылуу Өкмөттүн биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев болчу. Өмүрбек Текебаев орун басары болуп иштеген.

Маевский Текебаевге кайрылып жатып байкоосуздан “Алмаз”-деп айтып алды. Бул дагы кокустук деп айтууга болбойт.

Ушул жакындатуучу далилдерден кийин Атамбаев Маевский менен биригип алып Текебаевди жок кылуу аракетин көрүп жатат деген жыйынтыка келүүгө болот.

 

Жакшылык Бердибек уулу

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу