Ж.Акаев: «Маевскийди бийликтегилер өтө эркелетип жатышат»

Маевский Орусиянын эмес эле биздин эрке уулубуз болуп калгандай. Анткени, ар бир айтылган сөзүндө жалган сөздөр жана жалаалар болсо да, айткандары чындыкка дал келбесе да аны бийлик башынан сылап эркелетип жатат окшобойбу. Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты дагы төмөндөгүдөй пикирин фейсбуктагы баракчасына жазып  калтырган

» Күч органдары Маевскийди дароо камакка алышы керек! Кыргыз мыйзамдарында пара берген адам да жоопко тартылышы шарт. Аны бийликтегилер өтө эле эркелетип жатышканы түшүнүктүү. Саясий оппонентти жыгуу үчүн  улуттук намысты да жыйыштырып койдук го.»- деп Жанар Акаев өлкөбүздө болуп жаткан акыркы окуяларга оюн билдирдирип чыкты.

Булак: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу