МАЕВСКИЙДИН ПАСПОРТУНДА 2010-ЖЫЛЫ МАЙ АЙЫНДА КРга КЕЛГЕНИ ТУУРАЛУУ МӨӨРЛӨР ЖОК БОЛУП ЧЫКТЫ

Өмүрбек Текебаевдин сотунда негизги күбөлөрдүн бири Леонид Маевскийдин паспортунда ал 2010-жылдын май айында Кыргызстанга келгени тууралуу мөөрлөр жок болуп чыкты.

Маевскийдин айтымында, ал 2010-жылы 13-майда Кыргызстанга келип Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов менен жолугушкан.

Бирок кылмыш ишиндеги материалдардын арасында тиркелген Леонид Маевскийдин паспортунун көчүрмөсүндө анын Кыргызстанга келгени тууралуу белгилер  жок болуп чыкты.

Учурда сот процессинде тыныгуу жарыяланып, ал 14:00дө уланмай болду.

Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу