Мадумаров, Сариев, Суваналиев, Казакбаев жана Атамбаев биригеби?

Баары эле күздү күтүп атышат. «Эмне болот?» дешип. «Атаңдын башы болот!» деген киши жок. Эмне болмок эле? Башы саясый фигуралар баш көтөрүшөт. Эки гана жээк бар эмеспи — бийлик жана оппозиция. Иргелишет. Сооронбай Жээнбековго каршы күчтөр уюшуп, нааразычылыктарын айтып башташы мыйзам ченемдүү көрүнүш да. Азырынча алдын ала сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ванга айтпаса деле кыргыз саясаты белгилүү. Митингдер, пикеттер башталышы мүмкүн. Өкмөтүбүз тушалган аттай болуп атса, элдин жашоосу жакшырмак беде? Айтор, абалыбыз начар. Ооба, күздө саясый так диагноздор коюлары шексиз.

Баягы «Реформа үчүн», «Элдик фронт» жана БЭКти элестеткен таасирдүү кыймыл түзүлө турганы боюнча алдын ала коңгуроолор кагылып атканы жок жерден эмес окшойт. Дегеним, бир айдан кийин Кыргызстандагы абройлуу саясый күчтөр тил табыша турганы боюнча суроолор жаралууда. Мисалы, Адахан Мадумаров, Темир Сариев, Өмүрбек Суваналиев, Руслан Казакбаев өңдүү лидерлер бириге турганы, булардын артынан дагы дымактуу күчтөр кошулары, аныгында, элдин ынтымагын бекемдей турган саясый альянс түзүлүшү болжонууда.

Эң кызыгы, береги лидерлер Алмазбек Атамбаев менен тил табышууга каршы эмес экени таңкалтырууда. Албетге, булар аны лидер кылып көтөрүшпөйт, бирок, катарларына кошуп алышары толук ыктымал. Атамбаев эл астында кечирим сурап, жаңылганын мойнуна алса, зоболосу артат.

Аныгында, жогорудагы аты аталган лөктөр түпкүлүгүндө экс-президентге бир жактуу каралоодон бийик турушканы, анан калса, мамлекеттин туруктуулугу үчүн компромисске барууга кызыкдар болуп атышканы жалганбы?

Буга чейин Атамбаевди «саясый свалкага» ыргытууга ашыккандардын демдери эми сууйт окшойт, кызыгы, бүгүнкү бийликке таарынган саясый элитанын пикири өзгөрүүдө. Алгач жогорудагы саясатчылар бириксе, андан соң Бекназаров өңдүү кайтпастар баш кошушса, эл деле эргип кетпейби?..

Кызыгы, мындай кошулуулардын маңызы эмнеде? Албетте, Сооронбай Жээнбековдун саясатына каршы аттануу. Бийлик да сактап, коргонууга өтсө керек. Эң башкысы, элибиз тынч болгой эле…

Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу